Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 16.10.2018 16:50

Маматкул Катаганов Кочкор акимчилигинин аппарат жетекчиси болду

Turmush -  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Катаганов Маматкул Мукаевич дайындалды. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администациясынан билдиришти.

Маматкул Катаганов 1981-жылы 4-августа Кочкор айылында туулган. 1998-2000-жылдары Бишкек шаарындагы автотехникумдун автомобиль жолдору бөлүмүн аяктаган. 2000-2004-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен окуп, жол кыймылы боюнча инженер кесибине ээ болгон.

1999-2007-жылдары Кочкор райондук МСЭКБда айдоочу, 2011-жылдан ушул убакка чейин Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникация боюнча башкы адиси болуп иштеп келген.

Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×