Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 17.10.2018 18:08

Кочкордо үлкөндөр катышкан жаңы спорт комплекстин ачылышы электр жарыгысыз өттү

Turmush -  Кочкор районунун Шамшы айылында спорт комплексинин ачылышы электр жарыгысыз өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, Кум-Дөбө айылында жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Акылбек Жапаров, белгилүү балбан Канат Бегалиев, муфтияттын өкүлү Замир кары Ракиев жана башка үлкөндөр келди. Ачылыш башталганда электр жарыгы өчүп, ошол боюнча күйгөн эмес. Мындан улам эл нааразы болуп, Кочкор районунун айылдарында электр жарыгы кичине жел, суук болсо эле өчүп калып жатканын айтышты.

«Бизге чоңдор келсе дагы РЭСке баары бир экен», - деп билдиришти тургундар.

Ал эми Кочкор РЭСи шамал болгондуктан авария болуп, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Жакында эле Ак-Жар айылындагы «Иманалы ата» гүлбакчасынын ачылышында аким сүйлөп жатканда да электр жарыгы өчүп калып, кайра күйгүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×