Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 18.10.2018 18:00 На русском

Айыл турмушу: Кийизге жан киргизип, өмүр берген кол өнөрчү К.Мурсалиева жаш уздарды тарбиялап жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун 57 жаштагы тургуну Какен Мурсалиева кийизге жан киргизип, өмүр берген уз айым. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенип калышыма апамдын салымы чоң. Анткени ал айылдагы алдыңкы уздардын бири болчу. Эсимде айылдагы апалар кийиз жасап, ага оюу түшүрүп, шырдак оюшчу. Мен да аларга кол кабыш кылып жүрүп эле өздөштүрүп алгам. Эң биринчи жолу 5-класста өзүм шырдак ойгом. Кийиз менен иштөөгө кызыгуум мурункудан да артты. Билим алып жатканда да кол өнөрчүлүктү таштаган жокмун. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын жана сүрөт сабагы боюнча мугалим болуп эмгектендим. Иштеп жүрүп, шырдак жасоо боюнча аялдардан турган атайын топ түзүп, швед элинен келген туристтер менен иштештик. Алар буйрутма берчү, биз шырдак жасап берчүбүз», - дейт Какен Мурсалиева.

Каарманыбыздын эмгектери Бишкек шаарындагы соода борборлоруна чейин коюлган. Мындан тышкары республикалык деңгээлдеги көргөзмөлөргө да коюлуп келет.

«Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да билгенимди балдарга үйрөтүү максатында, 2014-жылдан бери райондук музыкалык мектепте кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар үчүн ачылган атайын ийримди жетектеп жатам. Узчулукка кызыккандарга кийиз менен иштөөгө, ар кандай азем буюмдарды жасоого, сайма саюуга, кооз таштарды чаптоого үйрөтүүдөмүн. Ийримге керектүү материалдын бардыгын, ийнеден баштап кийизге чейин өзүм алып келем. Окуучуларым ар кандай кароо-сынактарга катышып ийгиликтерди багындырууда. Окуучулардын колунан чыккан эмгектер майрамдарда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек катары да берип турабыз. Ушул эле жылы жай айларында көргөзмөгө катышып, кийиз менен иштөө боюнча бир айлык бекер курска жана 20 миң сомдук сертификатка ээ болдум», - деди ал.

Какен Мурсалиеванын тааныштары ага шырдактарын ойдуртуп кетишет. Анткени ал эч кандай эскиз жана трафарет колдонбостон оюну элестетип түшүрө алат. Кайда эс алууга барбасын оюп жаткан шырдактарын жанына ала жүргөн адаты бар.

«Эс алууга жайлоого же шаарга барганда да оюп жаткан шырдактарды көтөрө барам. Балдарым "апа эс алууга келгенде жип-шууруңду албай эле келбейсизби" деп калышат. Мен болсо көнүп калгам. Оюу көп түйшүктү талап кылат», - деди каарманыбыз.

Какен Мурсалиева жогорку билимдүү, 1 кыз 4 уулдун энеси. Нарын облусунун ардактуу айымы жана Нарын сүрөтчүлөр коомунун мүчөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×