Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 18.10.2018 18:22 На русском

Кочкордун Шамшы айылында эл тарабынан 4 млн сомго курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Шамшы айылында күрөш сарайынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кум-Дөбө айыл аймагынын башчысы Майрамбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, Шамшы айылынын жашоочулары тарабынан 4 миллион сом акча чогултулуп, спорт зал салынган. Күрөш сарайынын ичинде жуунучу жай, машыктыруучунун бөлмөсү, чечинүүчү жай, эки чыгуучу эшик жасалды.

Күрөш сарайына III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону Мурат Абдылдаевдин ысымы берилди. Мурат Абдылдаев ителги салуу боюнча Көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болуп, алтын медаль менен сыйланган. Кийинки мезгилдерде улуттук оюндарды өткөрүү боюнча демилгечилерден болуп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×