Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 19.10.2018 13:33

Айыл турмушу: Ташка из салган Д.Жортушевдин кардарлары I Көчмөндөр оюндарынан кийин көбөйгөн (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын 59 жаштагы тургуну Догдурбек Жортушев таш бетине оюуларды түшүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Догдурбек Жортушев 1959-жылы Бөкөмбаев айылында төрөлгөн. 1983-жылы Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы төрт жылдык сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Союз мезгилинде Балыкчыдагы килем комбинатында сүрөтчү болуп иштеген. Союз тараган кезде жумушсуз калып, 1995-жылы аялы Сырга Мамытканова Кочкор районундагы ветстанцияда бухгалтер болуп иштегендиктен кичи мекенине көчүп келишет. Азыркы учурда Кочкор районунун Кара-Тоо айылында жашайт. Бул жерде эстеликтерди жасап, кээ бир сүрөт тарттыргандардын сүрөтүн тартып берип, жыгачтарга оюу түшүрүп берип жүрөт.

Догдурбек Жортушев өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө: «Бала кезимден кооз таштарды көрсөм, табигат бир нерселерге окшоштурган таштарга кызыгып чогултаар элем. Бир күнү сыналгыдан бирөөнү көргөздү. Ал суудан чыгып калган жыгачтын тамырларын, бутактарын ар кандай жандыктардын сөлөкөтүнө окшоштуруп жасайт экен. Кызыга түшүп мен дагы аны ар кандай формаларга келтире баштадым. Саймалуу ташты көргөндөн кийин кызыгуум ого бетер ойгонду. Эмне үчүн азыркы замандын саймалуу таштарын жасабайм деп, ташка ар кандай оюуларды, сүрөттөрдү түшүрө баштадым.

Элдин жашоо шарты оор болуп, баары эле оокат кылайын деп турган учурбу, менин жасагандарыма кызыккандар аз болду. Кызыккандар деле алышпады. Кийин Биринчи Көчмөндөр оюндарынан кийин гана кызыккандар көбөйүп, кардарлар чыга баштады. Баа деле койбойм. Өздөрү 100-200 сомго же андан төмөн баага алып кете беришет. Айрыкча чет өлкөдөн келген туристтер эмгекти жакшы баалайт экен. Алар шар эле өздөрү жакшы баа коюп алышат. Чынында эле кытайдын пластмассасынан жасалган кооздуктарын кымбат алып, үйгө азем буюм катары сактап жатабыз го. Ал сынып калат. Ал эми таштан жасалган буюмдар көпкө сакталат эмеспи. Азыр Бугу энени, Ак кемени жана башка Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ташка түшүрүп жатам. Аларды бат эле алып кетип жатышат. Кээде бүтө электе эле болбой алып кетишет. Айылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигин жасаштым. Жакында айыл жаштары Кара-Тоо айылынын кире беришине арка коюп, дарбазанын эки жагына арстандын айкелин жасап бердим», - деди.

Догдурбек Жортушев азыр ардактуу эс алууда. Төрт уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Алты небереси бар.Жубайы Сырга Мамытканова Кочкордогу ветстанцияда кырк жыл эсепчи болуп ардактуу эс алууга чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×