Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 23.10.2018 10:01

Кочкордо көмүрдүн тоннасы 3,3 миң сомго чейин сатылууда

Turmush -  Кочкор районунда көмүрдүн 1 тоннасы сапатына жараша 3000 миң сомдон 3300 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү бийликтин берген маалыматына караганда, кыш мезгилинде элди отун менен камсыз кылуу үчүн көмүр алынып келип, атайын даярдалган кампаларга түшүрүлүп сатылууда. Кампалардагы көмүрдүн баасы 3000 сомдон ашпайт. Буга чейин көмүр өндүргөн ишканалар менен келишим түзүлүп, тендер жарыяланып, мектептерге, мекеме-ишканаларга көмүр тартылып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×