Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 23.10.2018 15:42

Жаш талант: 13 жаштагы Зайнап кол өнөрчүлүк менен алектенип, ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун 13 жаштагы тургуну Зайнап Талантбек кызы кол өнөрчүлүк менен алектенип, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Зайнап Талантбек кызы учурда Кочкор районундагы орто мектепте 7-класста окуйт. Ал кол өнөрчүлүктөн сырткары сүрөт ийримине да убакыт бөлөт.

«Кичине чагымдан эле сүрөттү жакшы тартып, куурчактарыма кийим тигип, түстүү кагаздан ар кандай буюмдарды жасачумун. Класс жетекчим байкап, "талантыңды өркүндөт, атайын ийримдерге бар" деп кеңешин айткан. 4-класстан баштап кол өнөрчүлүк жана сүрөт ийримдерине катышып келем», - деди ал.

Келечектеги дизайнер Зайнап үч жылдан бери эл аралык көргөзмөлөргө катышып келет.

«Кийимдердин үлгүсүн чийип, дизайнер болууну самайм. Сайма сайып, азем буюмдарды, сумка жана жаныбарларды кийизден жасап, көргөзмөлөргө коём. Айрым учурда жакындарыма белекке берем. Ушул жылы Түркия Республикасындагы балдар майрамына карата уюштурулган эл аралык сынагына катышып, ыраазычылык баракчасын алгам. Бул сынак мага чоң стимул берди. Максатыма жетүү үчүн көптөгөн ийгиликтерди жаратуум керек», - деп кошумчалады жаш дизайнер.

Зайнап Талантбек кызы үч бир тууган. Анын бош убактысы дээрлик жокко эсе. Убактысы болсо апасына кол кабыш кылып, сүрөт тартып, сабак окуу менен алек болот. Мындан сырткары ал жакшы ырдайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×