Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 02.11.2018 01:23

Жамбаш талашкан кудалар, 1 мүшөк устукан таап алган жол тескөөчүлөр... Күйөө жолдошту тарбиялаган тамаданын кызыктары

Turmush -  Кочкор районундагы тамада, ырчы, музыкант Жолдошбек Токонбаев тойдогу дасторкон тебелеген күйөө жолдошту тарбиялап, башынан көп кызыктуу окуяларды өткөргөн. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Жолдошбек Токонбаев 1972-жылы 11-апрелде Кочкор районунун Ормон-Хан айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кесиби боюнча мал доктур.

«Боз үйдө шырдакта отурсам, аккордеон курттай болуп жылып, мен болсо андан качып ыйладым. Ойгонсом түшүм экен. Бирок эмнегедир аккордеондон коркуп калгам. 1979-жылы Ормон-Хан айылындагы мектептин босогосун аттагам. Эсимде 4-класста окуп жүргөндө сол колумду сындырып алдым. Доктурлар колумду кыймылдатып турушумду айтышты. Ошондо атам 45 сомго "Малыш" деген аккордеон алып келип берип, "ушуну тарт, колуңа массаж болот" деген. Алгач аны асынганда оор болуп жүрдү. Кийин көнүп, аккордеон тартканды үйрөнүп кеттим. 6-класста окуп жүргөндө айылдагы Адилет вокалдык инструменттик ансамблине кирип, клавишада ойногонду өздөштүрө баштагам. 8-классты аяктаганга чейин бардык музыкалык аспаптарды колдонгонду үйрөнүп чыктым.

1987-жылы Тойгонбаев атындагы кесиптик-техникалык лицейде мал доктур боюнча билим алып, ошол эле учурда окуу жайдан "Ак-Куу" ыр-бий ансамблин түзүп, айылдагы мектеп окуучуларын окууга тартуу максатында үгүт иштерин жүргүзүп концерт койчубуз. Астана, Ташкентке чейин барган күндөрүбүз болгон. Билим алгандан кийин аскердик милдетимди өтөп келип, 1992-жылы айылдагы музыкалык топту жетектеп, гастролдорго чыктык. Бул топ райондук маданият үйүнө карачубуз. СССР тараганы айлык алуу маселеси жаралды. Ошондон баштап айылдагы тойлорго барып иштеп, тамадалык өнөрдү баштадык.

Музыкалык билимимди 1995-жылы Токмок шаарынан алып келдим», - дейт Жолдошбек Токонбаев.

Ал той учурундагы эсинде калган окуяларын айтып берди.

«Айылдагы тойлорду алып барып, музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап да берчүмүн. Акыркы 10 жыл аралыгында элде тамада деген түшүнүк пайда болуп, тамадалыкты да аркалап келем. Тойдо ар кандай учурлар кездешет. Мас болгону, сөз бер дегени да болот. Эл арасында спирт ичимдиктери аз ичилип калганы жакшы көрүнүш. Тойду да өзүң ойлогондой алып барасың. Тойго келгендер сенин сөзүңдү угуп, катары менен өтөт.

Тойдо кызмат көрсөтүп жаткандагы бир окуяны айтып берейин. Анда кыз узатуу тою үйдө өтүп жаткан. Күйөө жолдош ашыкча ичип алып сөздү укпай, жанындагыларга тоскоолдук жаратып, анысы аз келгенсип, дасторконду тебелеп өтүп кетти. Ачуум келип, эшикке жетелеп чыгып, тарбиялап койдум. Кичине менден сестене түштү. Үйгө киргенде тынчып калды. Бир аз убакыт өткөндө дагы үнү чыга баштады. Ал учурда мен "эй акырын" деп үнүмдү катуу чыгарып коюп жаттым. Ошентип ал күйөө жолдош той аяктаганга чейин менин көзөмөлүмдө болду.

Дагы бир окуяны айтып берейин, кыргызда келин менен күйөө бала кайын журтту атынан айтпайт эмеспи. Кафедеги бир тойдо эки тарапты бири-бирине тааныштыруу вазыйпасы "шустрый" күйөө балага туш келиптир. Ал кайын ата, кайын энесинин атын тамашалап айтып, келген конокторго тааныштырды. Дагы бир учур, куда келип тосулуп жаткан. Кудага келгендердин бирөөсү "кечке эле куйрук менен жамбашты улууларга бере бербей, бизге деле бергиле" деп чырдап чыкты.

Той аяктаганда баштыктарын байкабай алмаштырып алып, баштык талашкан, сөздү мага бер деп сөз талашкандар болот. Мындай "каприздерсиз" той өтпөйт. Бир жолу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Кубакынын ашуусунан 1 мүшөк устукан таап алышыптыр. Тойго келгендерге "устукан жыйнап алып, Кубакынын ашуусуна таштабай, бардыгын жеп, түгөтүп кеткиле" деп айта берем. Айрым тойлордо үйдүн кожоюну же кожойкеси ичип алып, тойду ирети менен башкара албай калган учур да болгон», - дейт каарманыбыз.

Жолдошбек Токонбаев: «Үй-бүлөмдү музыкалык мектепте мугалим болуп жана тамадалык менен багып келем. Ачуу келгенде үнүмдү катуу чыгарып, ырдап алам», - деп кошумчалады.

Ал 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×