Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 26.10.2018 10:11 На русском

Кочкордо жеңил унаа оодарылып кетип, 7 адам жабыркады

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында, тактап айтканда Сары-Чат тилкесиндеги жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 7 адам жаракат алды. Окуя бүгүн, 26-октябрда саат 06:40 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа жолдун Кочкор районунун аймагында «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жаракат алган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×