Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 26.10.2018 11:36

Кочкордо комсомолдор эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, комсомолдун ардагерлери, активисттери Калыгул Бай уулунун айкелине гүлчамбар коюшту. Андан соң комсомолдун тарыхы боюнча слайд-шоу көрсөтүлүп, окуучулар СССР учурундагы октябрать, пионер, комсомол сыяктуу тепкичтерди, комсомолдун согуш учурундагы тарыхын чагылдырып сценка коюп, комсомолго арналган ырларды аткарышты.

Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин директору Зарылбек Таабалдиев, комсомолдун ардагерлери, мурдагы комсомолдор Кайырбек Коңурбаев, Советбек Медетбеков, Гүлмира Жумагулова жана башкалар өздөрүнүн комсомол кездерин эскеришти. Ошол кездеги жаштарга комсомол уюму таалим-тарбия берип өстүргөнүн, азыр да октябрать, пионер, комсомол сыяктуу уюмдарды кайрадан түзүп пайдаланса, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошмок деген пикирлерин билдиришти.

Кочкордогу алгачкы Комсомол ячейкасынын башчысы Шарше Орунтаев (1919-1935) болсо, андан кийинки райондук комсомол уюмунун 1-секретарлары Садыр Базаров (1936-1941), Азис Жумагулов (1954-1955), Аалы Жумагуловдор көздөрү өтүп кетишкен. Азыр Кочкор райкомунун 1-катчылары болуп иштешкен Калыке Макеев (1951-1953), Алтымыш Шаршенбаев (1973-1978), Минна Убалиева (1973-1976) сыяктуу улуу муундардын өкүлдөрү ардактуу эс алууда болсо, кийинки райкатчылар Асанбек Күмөнов (1977-1986), Касен Асизов (1988-1990), Света Көлбаева (1990-1992) ар кыл жумуштарды аркалап, ишкерлик менен алектенип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×