Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 26.10.2018 12:16

Кочкордо «Ак кеменин» негизинде жазылган «Кордондогу окуя» спектакли тартууланды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Исакеев айылындагы маданият үйүндө Кочкор музыкалык драма театры Ч.Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде жазылган А.Текешовдун «Кордондогу окуя» аттуу спектаклин тартуулашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн директорунун орун басары Союз Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен келген театр сынчылары спектакль жогорку деңгээлде коюлганын билдиришкен.

«Өзгөчө Момун чалдын ролун ойногон жаш актер Токтоматов Рахмат көрүүчүлөрдүн ыраазычылыгына татыды», - дейт С.Жумаканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×