Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 03.11.2018 22:46

«Жол кырсыкка кабылган эне баласын эмизип жатып жан берген экен»: Куткаруучу Т.Мамбеталиевдин иш үстүндөгү окуялары

Turmush -  Таалайбек Мамбеталиев 14 жылдан бери Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №42 өрткө каршы туруу жана куткаруу кызматында эмгектенип келет. Ал ишиндеги өзгөчөлүктөрдү аймактык кабарчыга айтып берди.

Таалайбек Мамбеталиев 1978-жылы 12-апрелде Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Ал жогорку окуу жайлардын биринен электрик кесиби боюнча билим алып чыккан. Алган билими менен 2 жылдай иштеп, 2004-жылы Кочкор районундагы өрткө каршы туруу кызматында өрт өчүрүүчү болуп эмгектенип баштаган.

«Ар дайым биз – куткаруучулар эл кызматындабыз. Мен өз кесибим менен сыймыктанам. Жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү кесип. Өз жаныбызды тобокелге салып, кырсыкка кабылгандарды куткарып келебиз», - дейт Таалайбек Мамбеталиев.

Куткаруучу биринчи жолу өрт өчүрүүгө барганын да эскерди.

«Анда кыш мезгили болчу. Райондун борборундагы эки кабат үйдүн чатырынан өрт чыкты деген маалымат түштү. Жолдо бара жатканда коркуу сезим болду, өрттүн сүрү бар да. Бирок өрттөнүп жаткан чатырды көргөндө ал сезимдер жоголуп, өрттү тез өчүрүүнү гана ойлоп калат экенсиң. Өрттөнүп жаткан кабат үйдүн чатырына чыгып бара жатканда өрт өчүрүүчү унаанын тепкичтеринен тайгаланып, жаныбызды тобокелге салып жатып өрттү өчүрдүк. Өрт өчүрүүчү шамдагай кыймылдап, ошол эле убакта өз өмүрү үчүн этият болушу зарыл», - деди Т.Мамбеталиев.

Ал 14 жылдык эмгек жолунда өрттөн жана кырсыктардан бир нече адамды куткарган.

«Адамдардын шалаакылыгынан улам өрт кырсыктары көп катталууда. Айрымдары адам өмүрүн алып кетет. Теңдик айылында үй өрттөнүп, эки адам өмүрү менен кош айтышты. Бул адамдардын электр буюмдарына көңүл кош мамиле кылгандыгынан улам ушундай болду. Короо жай, малдардан бери өрттөнүп кеткен учурлар да арбын.

Биздин ишибизге нааразы болгон мекендештерибиз да болот. Өрт өчүрүүчү унаага 4 тонна суу батат. Суунун басымын көп коё бергенде 4 тонна суу 20 мүнөттө жок болот. Мындай учурда кээ бирлери "суусу жок келишиптир" деген да пикирлерин айтышат. Мындай пикирлерди укканда биздин түйшүктүү жумушубуз бааланбай жатат деп ойлоп бушайман болом. Тескерисинче ыраазычылыгын айтышса, анда кубанып, төбөбүз көккө жетип калат», - деди ал.

Куткаруучу өрттөн сырткары жол кырсык болгон жерге барып, адам өмүрүн сактап келет.

«Бир нече адамдын өмүрүн алган кырсыктар да болот. Кырсыктагандарды унаадан чыгара албай калган учурлар да бар. Андай кырдаалда унааны кескилеп, маркумдарды алып чыгабыз. Айрымдарынын баш сөөгү ажырап, мээси чыгып, колу-буту жулунуп, ичегилеринен бери чубалып калат. Мындай убакта адамдардын органдарын чогултуп, тез жардам кызматына өткөрөбүз.

Мындан бир нече жыл мурун болгон жол кырсык эсимден кетпейт. Кубакынын бурулушундагы Сары-Чат аймагында жол кырсыгы катталып, ал жерге түн ичинде барып калдык. "Ауди" үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кетип, ичиндеги жубайлар унаадан чыга албай жан беришиптир. Унаадагы адамдардын саны так болбой жатканда, кырсыктагандардын күйөө баласы келип, 9 айлык наристе менен жубайы бар экендигин маалымдады. Райондук деңгээлде тревога көтөрүлүп, баарыбыз издеп баштадык. Аталган күйөө бала айткан келин 9 айлык наристеси менен унаадан сыртка чыгып, кырсык болгон жерден 200 метр аралыкка чейин агыптыр. Андан кийин суунун жээгине чыгып, келин баласын эмизип жаткан боюнча каза болуптур. Наристеси да чарчап калыптыр. Ал наристени мен көтөрүп келип, тез жардам кызматына өткөрүп бердим. Ошондогу бейкүнөө наристенин өлүмү мени бир нече убакытка чейин шок кылып, анын элеси көпкө чейин көз алдымдан кетпей жүрдү», - деди ал.

Таалайбек Мамбеталиев үй-бүлөлүү. Анын жубайы да Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №42 өрткө каршы туруу жана куткаруу кызматында диспетчердик милдетти аткарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×