Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 15.11.2018 08:23

Кочкорлуктар 2019-жылды Турдакун Усубалиевдин жылы деп жарыялоо демилгесин көтөрүштү (сүрөт)

Turmush -  Кочкорлуктар 2019-жылды мамлекеттик, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин жылы деп жарыялоо демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынында айылдык кеңештердин депутаттары саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде өткөрүү максатында 2019-жылды Т.Усубалиевдин жылы деп жарыялоо сунушу үчүн атайын токтом кабыл алышты. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жиберилмекчи.

Кошмо жыйында Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин үй музейин куруу үчүн атайын жер тилкеси бөлүнгөнүн, ал жерге айкели да орнотуларын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×