Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 19.11.2018 13:48

Кочкордо суу сактагычтарды оңдоо үчүн топографиялык-геодезиялык анализдөө иштери жүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы «Кара-Күңгөй-Үкөк суу» СПАсынын орчундуу делген каналдарын, суу сактагычтарын оңдоо боюнча атайын топографиялык-геодезиялык анализдөө жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун инженер-долбоорчусу Мурат Абдыгазиев билдирди.

«Кара-Күңгөй-Үкөк суу» суу пайдалануучулар ассоциациясы Кара-Күңгөй, Кара-Саз, Кара-Суу жана Семиз-Бел айылдарындагы 2459 га жерди сугат суусу менен тейлейт.

«Сугат тармактарын калыбына келтирүү үчүн СПАга тиешелүү орчундуу делген каналдарды, суу сактагычтарды оңдоо боюнча атайын топографиялык, геодезиялык анализдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Долбоорго башкы суу алуучу курулмаларды куруу, суу бөлүштүрүүчү курулмаларды, көпүрөлөрдү куруу, талкаланган каналдарды калыбына келтирүү, Кара-Күңгөй БСРин тазалоо жана башка жумуштар кирген. Долбоордун болжолдуу баасы 59 млн сомду түзөт», - деди.





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×