Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуКочкор району 19.11.2018 22:15

Кочкордун Дөң-Алыш айылындагы логистикалык борбордо 450 тонна картошка сакталууда

Turmush -  Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында 10 млн сомго курулган логистикалык борбордун кампасында 450 тонна картошка сакталууда.

Россия, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттери биргелешип түзгөн долбоордун негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын Капка-Таш участогуна 31 га жерге элита сортундагы картошка эгилген. Мунун ичинен 20 га аянтка романо, 6 га аянтка пикассо жана 5 га аянтка латона сортундагы картошканын үрөндөрү Россиядан алынып келген.

Аталган кампадагы картошканын абалы менен облус башчысы Аманбай Кайыпов район жетекчилери менен биргеликте таанышып чыкты. Маалым болгондой, жалпы тартылган инвестиция 300 миң долларды түзгөн. Мунун ичинен 130 миң долларына 100 тонна үрөн жана жер семирткичтер алынган. Ал эми 170 миң долларына 2 даана «Беларусь» үлгүсүндөгү трактор, 1 даана соко, 1 даана топурак майдалагыч, 1 даана суюк жер семирткич чачкыч, 1 даана кургак жер семирткич чачкыч, 1 даана картошка тиккич, 1 даана сууну чачып сугаргыч аппарат алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×