Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 21.11.2018 17:33

Кочкордогу «Ата» бала бакчасынын тарбиялануучулары балдар акыны К.Жунушов менен жолугушту (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Саз айылындагы «Ата» бала бакчасынын тарбиялануучулары балдар акыны Каныбек Жунушов менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Саз айылындагы «Ата» бала бакчасынын тарбиялануучулары акын Каныбек Жунушовдун ырларынан окуп, ата-энелерге концерт тартуулашты. Акын өзүнүн балдарга арнап чыгарган китептерин бала бакчага белекке берди.

Каныбек Жунушев 1941-жылы 11-ноябрда Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 1963-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн. 1963-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Данов атындагы колхозго башкы агроном болуп иштөө үчүн жиберилген. 1965-жылы «Киргизгипрозем» долбоорлоо институтунда кыртыш таануу инженери болуп иштеп, 1977-жылы Кыргыз кыртыш таануу ИИИсинде улук илимий кызматкер, 1984-жылы «Арашан» чыгармачылык үйүнүн директору, 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Ырлары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Боёкчу» деген ат менен 1964-жылы басылып, 1974-жылы «Одноместный самолёт» деген поэтикалык жыйнагы орус тилинде жарык көргөн. Акындын айрым ырлары коңшу республикалардын тилдерине которулган.

К.Жунушев К.Чуковскийдин, Я.Акимдин, С.Михалковдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1979-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Балдар үчүн жазылган чыгармалары Тоголок Молдо атындагы сыйлыкка татыктуу болуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги аталган.

Азыркы күндө акындын чыгармалары башталгыч класстардын окуу китептерине киргизилип, балдарга окутулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×