Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуКочкор району 07.12.2018 10:26 На русском

«Метеорит түшкөндөй сезилди»: Кочкор өрөөнүндөгү өзгөчө таштар (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндө сел агызып чыккан өзгөчө таштар бар. Бул тууралуу тарыхчы Кайырбек Коңурбаев билдирди.

Анын айтымында, бул өрөөнгө сел менен 50дөй чоң таш агып келген. Сел айлананы тегиздеп, аймактагы болгон жерди түздөп кеткен. Таштар Сарала-Саз жайлоосунун ортосунан келген деген божомолдор бар.

Ал эми айыл тургуну Нурлан Дөкөнов талаадагы майда таштар бири-бирине клей менен жабыштырып койгондой көрүнөрүн айтат.

«Кум-Дөбө айылындагы таалада чоң кара ташты көрдүм. Ал майда таштардан турат экен, бири-бирине жабыштырылып, же ысык температурада ээригендей көрүнөт. Метеорит түшкөндөй сезим берди», - деди ал.

Тарыхчы К.Коңурбаев таштар вулкандардан бүркүлүп чыккан эриген минералдык массага чапталышып, ширелишип калганын айтты.

«Геология тили менен конгломерат деп аталат. Жер астынан чыккан минералдык масса менен таш ширелишип калган. Булар бери болгондо 1 миллион жыл мурунку таштар. Топон суу жүргөндө жер астынан сел алып чыккан», - деди Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×