Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 07.12.2018 14:21

Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү маданият үйү оңдолуп, жаңы техника алынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Мантыш айылында жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюму жана айылдык кеңештин депутаттары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жергиликтүү бюджет, аймактагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана келечектеги пландары тууралуу айтып беришти.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Молдогазиевдин айтымында, иш-чара Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында уюштурулган. Аталган долбоордун чакан гранттар программасы аркылуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө эки долбоор ишке ашырылып, техника алынып жана маданият үйүнүн жыйындар залы оңдоодон өткөрүлгөн. Бул күнү экскаватор-жүктөгүчтү тапшыруу жана маданият үйүндөгү жыйындар залынын ачылыш аземи да өттү.

Техниканын баасы 1 млн 720 миң сомду түзүп, анын бир миллион сому чакан гранттар программасынан, 720 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 1976-жылы курулган маданият үйү оңдолбогондуктан иштетилей, айылдык жыйындар Кызыл-Дөбө атындагы орто мектептин жыйындар залында өткөрүлүп келген.

«Долбоор аркылуу 1 млн 150 миң сомго капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, маданият үйүнө жылытуучу система орнотулуп, көрүүчүлөр залы үчүн отургучтар сатылып алынган. Эми маданият үйүндө ыр кесе, кечелер, салтанаттар, чогулуштар өткөрүлүп турмакчы», - дейт Максат Молдогазиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×