Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 12.12.2018 16:02

Кочкордо өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы орто мектептин окуучуларына өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, укук бузуулар, ошондой эле диний экстремисттик агымдар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Кочкор РИИБдин ЖӨИИнын жана 10-бөлүмдүн кызматкери К.Садыбакасов жана райондун имамы Ж.Арзымкожоев балдар иштери боюнча комиссиясы менен бирдикте Кочкор районунун аймагындагы К.Кыдыралиев, Калыгул Бай уулу жана К.Мамбеталиев, И.Абылгазы уулу, К.Мырзабеков атындагы орто мектептердин окуучуларына жана ата-энелерге жыйналыш өткөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×