Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 15.12.2018 13:29

91 жыл мурун курулган Кочкордогу мектепте Ч.Айтматовдун чыгармалары ачык асман алдында чагылдырылды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн аймактык кабарчы маалымдады.

Семинарга райондогу мектеп жетекчилери катышышты. Алгач класстарда кыргыз тили сабагынан «Кылым карыткан кыргыз тили», орус тили сабагынан «Белый пороход», англис тилинен «Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу» темасында ачык сабактар өтүлдү.

Ш.Абдылдаев мектеби 1927-жылы курулгандыктан жайындар залы жок. Мындан улам иш-чаранын экинчи бөлүгү ачык асман алдында улантылды. Улуу жазуучунун чыгармаларынан турган «Айтматов айылына саякат» деген теманын алдында мектеп жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Көрүүчүлөр «Биринчи мугалим дүйнөсү», «Ак кеме дүйнөсү», «Бетме-бет дүйнөсү», «Кылым карытаар бир күн дүйнөсү», «Эрте келген турналар дүйнөсү» деген Айтматовдун чыгармаларын сүрөттөгөн аянтчаларды кыдырып, окуучулардын сахналаштырылган оюндарына күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×