Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 19.12.2018 11:31 На русском

Кочкордогу жергиликтүү кеңештин депутаттары 3 жылдан бери төш белгисиз иштеп келишет

Turmush -  Кочкор районундагы жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги бериле элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

Алардын айтымында, 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттар мандат алганы менен алигиче төш белгиси жок иштеп келишүүдө. Айрым айылдык кеңештин депутаттары төш белгини өздөрү жасатып алышкан.

Депутаттар белгилегендей, 2017-жылы 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарына убактылуу мандаттар бериле тургандыгын билдирип, алтын жалатылган төш белгилер 1-2 айдан кийин таратылышы мүмкүн экенин айткан. Төш белгилердин кечигип жасалышынын себебин ал төш белги жасатуу үчүн жарыяланган тендер чуусу күч алып кеткендигине байланыштуу тендер токтотулуп, БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгондугу менен түшүндүргөн. Бирок, ушул күнгө чейин Кочкордогу бир катар айылдык кеңештин депутаттары төш белгиси жок иштөөдө.

Ал эми, Кочкор райондук ТИКтин тутумдук администратору Кубат Иманалиев төш белгилер жаңы жылга чейин бериле турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×