Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуКочкор району 20.12.2018 23:59 На русском

Кочкордогу Манастын кырк чоросунун күмбөзү жоголуп баратабы? (сүрөт)

Turmush -  Кочкор өрөөнүндөгү кырк чоронун күмбөзү аталган жайлар жоголуп кетүү коркунучунда турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Кочкордун Талаа-Булак ( Дөң-Алыш), Төрткүл (Кум-Дөбө) жана Семиз-Бел айылдарында көп күмбөздөр болуп, аларды жергиликтүү эл Манастын кырк чоросунун күмбөзү атап келишкен. Уламыштарда, Манастын кырк чоросу Семетейге баш ийгиси келбей «балам, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык» дешип, бирок өздөрү кытай жакка качып жөнөшөт. Семетей кууп жетип токтотмокчу болот. Алар баш ийбей Семетей менен согушушат. Ошондо Семетей баатыр аларды кууп олтуруп, кырып жок кылат. Кырк чорону өлгөн жерлерине жашырып, күмбөз салдырыптыр деп айтылат. Күмбөздөр Кочкордун Кум-Дөбө, Дөң-Алыш аймактарында жайгашып, азыр жерге чөгүп жок болуп баратат. Ал эми Семиз-Белде жол жээгинде бир гана күмбөз калган. 1916-жылкы Улуттук көтөрүлүштө Семиз-Бел болуштугунун болушу Сагынаалы Ниязбек уулу баштаган кол, азыркы Семиз-Бел айылынын үстүндөгү кызыл тоодон каптаганда орус жазалоочулары кырк чоронун күмбөзүнө кирип алып, боорлорун тешип жиберип ок чыгарышкан экен. Ок атабыз деп күмбөздүн дубалдарын тешип салганын карыялар айтышат. Ошондо күмбөздү ыйык санаган кыргыздар ок чыгарбай, окко кабылып көп кырылганы айтылып калган.

Тарыхчылардын айтымында, күмбөздөрдүн курулушу 16-19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.

Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев Кум-Дөбөдөгү Кырк чоронун күмбөзү жөнүндө «Кочкордун түн жагы, Чоң Суу жээги, жол үстүндөгү кашатта Кочкор атанын кабырына жакын кырк чоронун күмбөзү делип, топурактан салынган майда бир далай бейит бар. Үч бурчтуу дубалчанын ичинде бир жаккы бурчунда 15 чамалуу күмбөзчө, калганы чачырап, кокту чактын ичинде Сазөөн кыраңга салынган. Кырк күмбөздүн үчөө жер болуп житип калган. Бири сазга тийе болгондуктан жемирилип, араң эле түбүнүн нугу турат. Манас менен Семетейди айтуучулар чоролордун 16-17син бир жерде, калгандары экиден, бирден ар кайсы жерде өлгөндүгүн айтышат. Күмбөздөрдүн турушуна караганда ырчылардын айткандары ырас болуп чыгат. 1885-жыл чамасында Жумгал, Тескейден саяктын карыяларынан бири Төлөмүш, Токтогул деген кишилер келип, ушул жерге илгери биздин бабаларыбыз коюлуп, күмбөз салынган экен дешип бата кылып кеткен. Кебетеси көрүстөн болгондуктан ал жерге башка кишилердин өлүгү көп коюлса керек» деп күмбөздөрдүн кырк чоронуку экенине шек санайт.

Кырк чоронун күмбөздөрү аталган күмбөздөрдүн жоголуп баратканы ойго салбай койбойт. Бул тарыхый жайлар изилдөөгө алынып, коргоого алынышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×