Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 24.12.2018 15:47

Кочкордогу жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасы Т.Курткаев дүйнөдөн кайтты (сүрөт)

Turmush -  Кочкордогу жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын презиудумунун төрагасы Курткаев Таалай Исмаилович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Таалайбек Курткаев 1965-жылы 25-апрелде Кочкор районунун Орток айылында туулган. 1972-1982-жылдары Орток орто мектебинде жалпы орто билим алган. 1983-1986-жылдары аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. 1987-1990-жылдары Россиянын Перм шаарындагы токой чарба техникумунда билим алган. 2002-2007-жылдары Балыкчы шаарындагы социалдык экономикалык институтунан экономист кесибин алган. Эмгек жолун Кочкор токой чарбасында улуу токойчу болуп иштөө менен баштаган. 1995-жылдан бери «Кен» дыйкан чарбасынын төрагасы болуп эмгектенип келген. 2008-жылдан бери Кара-Суу айылдык кеңешинде үч жолку чакырылыштын депутаты жана төрагасы болгон. Ошондой эле «Орток шамы» уюмун жетектеп келген. 2012-жылдан бери Кочкор районунун кошмо жыйналышынын презиудумунун төрагасы болуп, район ичиндеги ар кандай иш-чараларга өз салымын кошуп келген.

Үй-бүлөлүү, үч кыз, бир неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×