Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуКочкор району 24.12.2018 17:54

«Мекендештер»: Түркия 29 жаштагы Мина Өмүрзактын көзү менен (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенип жаткан 29 жаштагы Мина Өмүрзак.

Ал 1989-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген.

Мина Өмүрзак Чолпон айылындагы К.Акназаров орто мектебин аяктаган. Бишкек шаарындагы жеке менчик окуу жайынын экономика факультетинде билим алган. 2014-жылы жолдошу менен биргеликте Түркиянын Стамбул шаарына иштөө үчүн кетишкен. Учурда Мина шоколад чыгарган фирмада эмгектенет.

Түркиядагы кыйынчылыктар

- Түркияга мигрант болуп келгениме 4 жыл болду. Алгач келгенимде бөтөн элдин жашоосуна, маданиятына, тамак-ашына көнө албай кыйналдым. Бул жыл аралыгында түрк элин жакшы таанып билип калдым. Түрк эли меймандос келет экен. Эмгек мигранттары өзбек, кыргыз, орус, беларуссиялыктар жана башка улуттагылар. Эң көп өзбек улутундагылар. Документ боюнча кыйынчылыктарга тушугабыз. Элчилик жакшы иш алып барбайт. Түркия мамлекетинин мигранттарга талабы күчтүү. Ар өлкөнүн келишимине жараша документтер даярдалат. Мисалы кыргыздар Түркияда туристтик виза менен 90 күн жүрө алат. Эгерде Түркияда кала турган болсо 3 айга чейин Түркия өкмөтүнүн туристтерди тейлеген мекемеге убактылуу катталуу же эмгек визасы үчүн арыз берет. Ал арызды карап, анан уруксат беришет же кээ бир мигранттарга убактылуу виза берүүдөн баш тартат. Эмгек визасын алуу кыйынчылык туудурат. Себеби, иш берүүчү эмгек визасы үчүн уруксат бериши керек.

Ар түрдүү тагдырлар

- Канча адам болсо, ар башкача тагдыры болот. Ар мигранттын тагдыры өз колунда. Чет жерде жүргөндө өзүңө гана ишенишиң керек. Ар ким өз кыйынчылыктары менен убара. Эмгек мигранттарына өкмөт же элчилик тарабынан жардам берилбейт. Күн сайын ар кандай тагдырдын соккусуна кабылган мекендештерибиз менен сүйлөшөм. Жакында эле бир кыргыз кызы менен жолугуп сүйлөштүм. Ал 3 жыл мурун паспортун жоготуп жибериптир. Кийин түрк жаранына турмушка чыгып, жарандык никеде жашап, балалуу болушуптур. Паспортун жоготкондугу тууралуу полиция берген кагазды көтөрүп алып, элчиликке жардам сурап барса, ал жактагылар одоно мамиле жасап, кызды урушуп жолго салышыптыр. Бул бир гана мисал. Ак менен кара чогуу жүрөт эмеспи. Ал эми биз кубана турган жакшы саамалыктар да бар. Түркиядан билим алган кыргыз кыздары, ишкерчилик баштаган жаштар, активдүү мекендештерибиз көбөйүүдө.

Мен көргөн Түркия мамлекети

- Баарыбызга белгилүү болгондой Түркия өнүккөн өлкөлөрдүн катарында. Техника мыкты деңгээлде өнүккөн. Иш системасы электрондошкон. Таза мамлекет. Өзүн-өзү сыйлоону түрк элинен үйрөнсөк болчудай. Себеби, Түркияда жашаган улуттар мамлекеттик түрк тилин билүүсү талап кылынат. Түрк калкы ислам динин тутунганы менен кыял-жоругу орустардай. Жаңы жылды шаан-шөкөт менен тосушпайт экен. Аларда «эл эмне дейт» деген түшүнүк жок. Баары эле жакшы боло бербейт экен. Айрымдары адамдын артынан сүйлөп коюшат. Мен бул сапатын жактырган жокмун. Эл мыйзамга баш иет. Бардык иштер мыйзам чегинде жана коррупция деген жок экенин билдим.

Бирикме ачтык

- Чет мамлекетте иштеп жаткан кыргыз кыздары ар кандай кырдаалдан өзүбүздү коргошубуз зарыл. Ошондуктан кыз-келиндер биригип, бирикме ачтык. Бирикменин иши мигрант кыргыз кыздарын бир-бирине тааныштыруу, моралдык жактан колдоо. Жаш кыздарга туура тарбия берүү максатында ачылган. Келечекте максатыбыз, кыргыз айрымдары башка мамлекетте иштеп, канчалык деңгээлде сый-урматка ээ экенин таанытуу. Адашкандарды жолго салуу болуп саналат. Албетте, кыргызстандык мекендештер менен даталуу күндөрдө жолугуп турабыз. Мындан сырткары мекендештерибиз менен флешмоб, тегерек столдорду, семинарларды дарыгер, психолог жана жактоочулардын катышуусунда өткөрүп турабыз.

Урматтуу кыргыз элим, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! Биз Кыргызстандын сагындык.Түркиядагы мигранттардан кабар алган алган мекендештерге ыраазычылык билдирем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×