Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Нарын облусуКочкор району 25.12.2018 22:05

Кочкордо 1-январдан тарта күчүнө кире турган жаңы мыйзамдарды колдонуу тартиби айтылды (сүрөт)

Turmush -  2018-жылдын 21-декабрь күнү Кочкор районунун прокуратурасынын демилгеси менен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында райондук прокуратуранын, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кочкор райондук сотунун тергөө судьясы С.Жунусовдун, РИИБдин жетекчиси М.Мырсалиевдин катышуусунда 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган жаңы мыйзамдарды колдонуу тартиби айтылды.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонууга киргизүү жана анын талаптарын окуп үйрөнүү максатында ведомстволор аралык кеңешме өткөрүлдү. Аталган кеңешмеде 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонула турган Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстеринин негизги талаптары, өзгөчүлүктөрү, жаңы нормалары талкууланып, аларды иш жүзүндө колдонуу тартиптери жана шарттары талкууланды.

Кеңешме катышуучулардын берген суроолоруна жооп берүү, аларды талкуулоо, сунуш-пикирлерди айтуу менен коштолду. Кеңешменин аягында бардык кызматкерлерге жаңы кодекстердин талаптарын тийиштүү деңгээлде билүү жана аларды иш жүзүндө колдонууга даяр болуу жагы милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×