Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 25.12.2018 17:49 На русском

Кочкордо «Мицубиси Паджеродон» табылган тоо текенин эти боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын РИИБдин кызматкерлери Кочкор районунан табылган тоо текенин эти боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусу менен Нарын районунун чектешкен жерине жиберилди.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2018-жылдын 20-декабрь күнү Мамэкотехинспекциясынын Жумгал-Кочкор району боюнча башкы инспектору Рысбек Суранчиев кызматтык билдирүү менен Кочкор РИИБге кайрылып, аталган күнү 17:00 чамасында «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа токтотулганын, анын ичинен «BEПP 1964-1:528» үлгүсүндөгү мылтык жана бир нече кытай өндүрүшүнөн чыккан каптарда тоо текенин эттери чыккандыгын билдирген.

Аталган факт Кочкор РИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, топтолгон материалдар Нарын РИИБге жиберилген.

Автоунааны 1971-жылы туулган О.Н. аттуу адам башкарып келе жаткан.

Мамэкотехинспекциясынын Жумгал-Кочкор району боюнча бөлүмүндөгү адистер 20-декабрда мыйзамсыз мергенчилик кылууга бөгөт коюу максатында атайын рейдге чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×