Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 26.12.2018 13:24

Бөрүлүү мезгил: Кочкордо 15 карышкыр, 30 чөө жок кылынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун аймагында жыл башынан бери 15 карышкыр, 30 чөө атылып жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор мергенчилер коомунун төрагасы Таалай Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагында малга жырткыч жандыктар тарабынан зыян келтирүүлөр көбөйүп кеткен. Буга байланыштуу мергенчилер тарабынан Кара-Кужур өрөөнүнөн 2, Сары-Булактан 1, Төлөк аймагынан 4, Шамшыдан 2, Дөң-Алыштан 1, Ортоктун аймагынан үч күн мурда 1 карышкыр, баш-аягы он беш карышкыр жок кылынды.

«Малга келтирилген зыян азайган жок.Райондун аймагындагы карышкыр, чөөлөрдүн санын кыскартуу боюнча Кум-Дөбө, Соң-Көл, Чолпон айыл аймактарынын башчылары уюштуруу иштерин жүргүзүп берди. Калган айыл өкмөттөр тарабынан күйүүчү майга каражат бөлүнбөй же ат менен камсыз кыла алышпай, тиешелүү шарттарды түзүп бере албай жатат. Башка аймактардан карышкыр атып берүү боюнча сунуштар түшүүдө. Бирок райондо түзүлгөн мергенчилер тобу өз кыштоолорубуздагы малга зыян кылган ит-куштардын санын азайтсак дейбиз. Төлөк айылында топтон Темирбек Кыдырбаев декабрь айында 4 карышкырды атып жок кылды. Кара-Суу айылынан Нурлан Данияров, Теңдиктен Арстан Имашов, Кочкордон Жаныбек Муктасынов деген мергенчилер карышкыр, чөөлөрдү жок кылуу үчүн күн-түнү менен аңчылык кылууда», - деди Т.Осмоналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×