Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Нарын облусуКочкор району 26.12.2018 16:21

Нарын облусунда кызга канча калың берилет?

Turmush -  Кыргыз эли байыртадан бери каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым, жөрөлгөлөрдү унутта калтырбай, колдонуп келишет. Бирок өлкө аймагындагы айрым каада-салттарда айырмачылыктар бар. Бул жолу аймактык кабарчы Нарын облусунда кызга канча калың берилет деген суроого жооп издеди.

Нарын облусунун аймагында 5 район жана 1 шаар бар. Бир облус болгону менен райондордо да калыңдын суммасында жана ырым-жырымдарда өзгөчөлүктөр бар. Адатта кыз тарапка күйөө бала тарап ачуу басар, жеңкетай, калың алып барышат.

Жеңкетай — үйлөнүү тойдо аткарылуучу жөрөлгө. Калың төлөнгөндөн кийин кызды алып кете турган күнү кыздын жеңеси күйөө жолдоштон жеңкетай доолайт. Күйөө тарап жеңкетайлыкка жакшы белек, мал берет. Себеби мурун кыз-күйөөнүн ортосундагы мамилелерде кыздын жеңеси абдан чоң ролду ойногон. Алардын жолугушууларын уюштурган, оюн-тамашаларды өткөрүп, жигитти сынаган. Кыздын тазалыгына, ар-намысына жеңеси жооптуу болгон. Бардык тоскоолдуктар, суроо-талаптар жеңеси аркылуу чечилген.

Кыз алган тарап жашоо шартына карап калың катары 50 миң сом (эң аз), кой жана жана кыл куйрук (орто эсеп менен 25 миң сом) алып барат. Айрымдары жеңкетай, ачуу басар, калың жана кыл куйруктун баарын бириктирип, 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин беришет.

«Жакында иним үйлөнүп, Кочкор районунан келин алдык. Калың, ачуу басар, кыл куйрук, кой жана жеңкетайдын баарын кошуп, 5 миң доллар бердик. Ар бир адам жашоо шартына карап калың берип, сеп алат. Мал кармаган айылдаштарыбыз 1 миң доллар жана кыл куйрук алып барышууда. Азыр калыңды кыргыз сому менен эмес АКШ доллары менен алып келе башташты», - дейт Ат-Башы районунун тургуну Белек Ашыров.

Калыңдан сырткары кыздын апасына эне сүтү берилет.

«Мындан 10 жыл мурун кызга сеп алып келгенде эне сүтүнө кыз алган тарап ургаачы торпок же кунаажын беришчү. Азыр болсо алтын билерик, сөйкө-шакек же чынжыр беришүүдө. Колунда бар байлар бриллиант берип башташты. Ошондо эне сүтү 25 миң сомдон жогору бааланууда», - дейт Кочкор районунун тургуну Жыпаркүл Айтиева.

Облустагы бардык райондогу сурамжылоонун жыйынтыгында Нарын облусунда кызга берилүүчү калыңдын орто баасы 150-200 миң сом болду. Кыздын калыңын берүүнүн да ырымы бар. Акчаны ак кездемеге ороп, 50 же 100 сомун кемитип берет. Ошондой эле эки тарап биргеликте сүйлөшүп, калың албай, сеп бербей, үйлөнгөн эки жашка үй, унаа же керектүү буюмдарды сатып бергендер бар.

Таластык кыздардын калыңы жана үлпөт тойдун чыгымдары канча?

Элдеги салт: Баткендеги кыз узатуу каадасы жана андагы чыгымдар

Аймактардагы кыз узатуу салты: «Кемпир өлдү» жөрөлгөсү жана кайнатасына ашыкча сүйлөбөгөн келиндер

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×