Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Нарын облусуКочкор району 27.12.2018 15:20

Кочкорлуктар Жаңы жылды тосууга канча сом сарптайт? (сүрөт)

Turmush -  Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Учурда кыргызстандыктар майрамга кызуу даярданып жаткан учуру. Аймактык кабарчы Кочкор районунун эли Жаңы жыл майрамын тосууга канча каражат сарптайт деген суроого жооп издеп көрдү.

Жаңы жылды өзгөчө бөбөктөр күтүп, ата-энелер балдары үчүн үйүнө балаты коюп, аны кооздошот. Кочкор районунда желимден жасалган балатылардын баалары ар кандай. Мисалы, узундугу 90 см балаты 650 сом болсо, 2,5 метрлик балаты 2 800 сомго бааланат. Ал эми балатынын оюнчуктары көлөмүнө жараша 70 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат. Бир кутуда 6 же 10дон ашык оюнчук бар. Мындан сырткары жарык берген гирляндалар 250 сомдон жогору бааланат. Бөлмөнүн ичин кооздой турган жасалма кар, жалтырактардын 1 даанасы 50 сом. Ал эми үйлөмө шарлардын (гелевый) бир даанасы 70 сом.

Жаңы жылдык кооздуктан сырткары дасторкон даярдоого да каражат жумшалат. Бул майрамды шампансыз элестете албагандар арбын. Шампандын эң кымбаты 305 сом болсо, эң арзаны 100 сомго сатылууда.

Кочкор районунда көп жылдан бери сатуучу болуп иштеген Айда Дүйшекеева: «Жакынкы 5 жылдан бери шампан алгандар азайып баштады. Шампандын ордуна таттуу ширелерди алышууда. Мурун бир үй-бүлө эле 2 же 3 даана шампан алышчу. Азыр ислам динин түшүнүп, спирт ичимдиктерин азайта башташты. Ал эми жашоочулардын басымдуу бөлүгү жемиштерден алма, мандарин, ананас жана курма сатып алышат. Жаңы жылда дасторконду жайнаткыбыз келет. Бирок чөнтөккө карап сатып алабыз», - деди.

Жер-жемиштердин килограммынын орточо баасы:

алма — 50 сом;

мандарин — 80 сом;

ананас — 180 сом;

курма — 80 сом.

Жалпылап айтканда бул райондогу бир үй-бүлө орто эсеп менен балаты, жасалгаларга 3 миң 500 сом, азык-түлүк, шампанга 1 миң 500 сом сарптайт. Бирок акчалуулар мындан көп сумма коротушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×