Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 04.01.2019 22:49

Элет көйгөйү: Кочкордо картошка өстүргөн дыйкандардын мээнети талаага кеттиби? (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы дыйкандар өстүргөн картошка сатылбай, үйлөрдө, жер төлөлөрдө сакталып турат. Аймактык кабарчы билдиргендей, Кочкор районунда 3311 гектар аянтка картошка айдалып, 31011 тонна түшүм жыйналган. Бирок күзүндө сатып алуучулар аз болуп, картошканын баасы 6-7 сомго түшүп кеткендиктен айласыз сактоого мажбур болушкан.

«Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри Нурбек Мурашев ноябрдын ортосунда картошканын баасы көтөрүлөт деп билдирген. Бирок көтөрүлмөк турсун баасы Кочкордо 5 сом, Ысык-Көлдүн кээ бир аймактарында 4 сомго түшүп кетип, сатылбай үйдө сакталууда. Көптөрү сактай албай үшүтүп алышты. Сатып алат деген Өзбекстандан да дайын жок», - дешет дыйкандар.

Ал эми жер төлөгө салып койгондор картошканын баасы жазында жогору болорунан күмөн санашууда. Картошкабыз өтпөсө жазында талаага төгүлүп, аны жеген далай уйлар какап өлүшү мүмкүн деген ойлор айтылууда. Жазында картошканын үрөнүн 25-45 сомдон сатып алгандар бар. Азыркы күндө баасы 5 сомго түшүп кеткендиктен үй-бүлөнүн капчыгына өтө эле чоң зыян келүүдө.

Кочкордун Кара-Саз айылында жашаган Орозобек Сүйүнбаев жазында көлдүн башынан 25 сомдон үрөн алып келген. Фермер Бейшенбек Сатаров жазында элиталык картошка үрөнү 42 сом болгонун айтты. Дыйкандар жер айдоого, картошканы багууга, жыйноого кеткен чыгым жабылбай калганын, мындай болсо кийинки жылы картошканын үрөнү аз боло турганын айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×