Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 03.01.2019 14:18 На русском

Кочкордо жердешин темир менен чапкылап өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Кочкордо жердешин өлтүрүүгө шектелип, 1991-жылы туулган тургун кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 31-декабрында саат 18:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургуну Ш.Ч. телефон аркылуу Кара-Тоо айылындагы үйүнөн бир тууган инисинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда Кара-Тоо айылынын 47 жаштагы тургуну Ш.Р. өзүнүн жашаган үйүнөн күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, маркумдун башынын арткы тарабына (кара кушу) катуу, кырдуу жана учтуу буюм менен тогуз ирет чаап өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде иш козголуп, соттук-медициналык, биологиялык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында Нарын ОИИБдин жана Кочкор РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштерди жүргүзүүнүн негизинде кылмышка шектүү — Кочкор районунун 1991-жылы туулган тургуну К.А. кармалып, Жаза-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Кочкор РИИБдин убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, каза болгон адамдын үйүндө чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Алар араздашып кеткен учурда кылмышка шектүү жаран маркумду темир түтүк менен башка чапкылап өлтүрүп, андан соң ал темирди сууга ыргытып жиберген. Учурда далил буюм алынды.

Азыркы мезгилде тергөө, тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×