Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 04.01.2019 09:22 Жаңыланды: 04.01.2019 11:54

Тарых инсаны: Алыкул Осмоновдун жубайы Зейнеп Сооронбаева кочкорлук болгон

Turmush -  1916-жылдарга чейин Кочкордун келдике уруусунан Кудайбергенов Акмат деген адам Пишпектеги приставдын тилмечи болуп иштейт. Тың чыгып туугандарына баш көз болгондуктан «Келдике Акмат» деген атка ээ болот. Пишпек шаарында сотко секретарь, улукка котормочу болуп турган кездеринде туугандарын көчүрүп барып, шаар маданиятына аралаштыра баштайт. Кийин 1917-жылы февраль революциясында бийлик убактылуу өкмөттүн колуна өтөт. Ошондо Ат-Башы, Нарын тарапка айтылуу Чоконун Казысы, Кочкор тараптагы үч болушка Ормонхандын небереси Эсенамандын Кылжыр деген тилмеч уулу, Жумгал тарапка Кудайбергендин Акматы (тилмеч) комиссарлык кылышкан. Булар кытайдан арып-ачып келген элге убактылуу өкмөттүн, кийин совет өкмөтүнүн атынан тамак-аш таратып берип турушкан. Келдике Акмат Чекилдектин Сазына жайдак базар ачып, тууганы Сооронбайга тейлетип соода менен шуугулданган.

Булар тууралуу эл ичинде:
Эки тилмеч, бир манап,
Бир уезд элди бийледи.
Кара көк тартып чыңалып,
Эң эле сүрдүү түрлөрү - деген саптар тараган. Кийин совет өкмөтү түзүлө баштаганда Акмат Кудайбергенов Ак-Кудук айылын олтурукташтырып, ячейка түзүп жетектеген. 1990- жылдары Ак-Кудук айылынын аксакалдары айылга «Акмат айылы» деген наам берүү демилгесин көтөрүп чыгып, ал ишке ашкан эмес. Кийин Акмат Пишпек шаарына барып «Эркин-Тоо» гезитинде котормочу, сотко секретарь болуп, тууганы Сооронбай, Өмүрбай дегендерди шаарга көчүрүп келип, Сооронбай соода тармагын башкарат. Келдике Акматтын кызы Анвар Кутубаева өз доорунун көрүнүктүү актрисасы болгон. Сооронбай болсо балдары Керим, кызы Зейнепти жогорку окуу жайларда окутат. Өмүрбайдан кадимки жазуучу Сагындык Өмүрбаев. Сооронбай өз балдарынан сырткары Сапаргалый Базарбаев деген баланы багып алып, Токмоктогу балдар үйүнө тарбияланууга берген. Ал жерде Сапаргалый сурнайчы, Алыкул Осмонов барабанчы болуп, балдар үйүндөгү отрядда чогуу жүрүп, теңтуштардан болушкан. 1937-жылы Сооронбаев менен Келдике Акмат Кудайбергенов куугунтукка кабылып репрецияланат. Андыктан үй-бүлөнүн түйшүгү аялы Зуура менен улуу баласы Керим Сооронбаевге түшөт. Керим 1930-жылдары Кыргыз агартуу окуу жайын бүтүрүп, ошол жерде окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор даражасына жеткен. 1939-жылы Кыргызстандын ЛКЖС БКнын катчысы болуп, 1941-жылдары биринчи катчылыкка чейин көтөрүлгөн. Керимдин карындашы ай чырайлуу Зейнеп үйдүн кенжеси болгондуктан эрке болуп чоңоет. Сооронбаевдин асыранды баласы Сапаргалый менен бирге жүргөн Алыкул Осмонов бала кезинде Зейнеп жөнүндө угуп, билип сыртынан жактырып жүрөт. Кээде Дзержинский багында коньки тээп, көңүл ачып жүргөн оюнкараак кызды суктана карап турар эле. Ал тургай жигит болуп калган кезинде Керим Сооронбаевдин короосунун алдынан Сапаргалый Алыкулду көрүп калып, «Ээ, Алыке эмне кылып жүрөсүң, менде жумушуң бар беле?» деп сурайт. Бала кезден сыр жашырбаган курбусуна, ачык айтууну эп көрүп Алыкул шарт жооп берет: «Сапаке карындашыңа көз салып жүрөм, чоңоюп бой тартса колукту кылып алсамбы деген ойдомун».

Зейнеп мектепти аяктагандан соң, ошол кездеги бирден бир окуу жайы болгон, педтехникумга тапшырат. Окуу жайда коомдук иштерге аралашып, драма ийримдерине катышат. Алыкул Осмонов педтехникумга бара калганда Зейнептин оюн коюп жатканын көрүп, сугу артып жүрөт. Жигиттин антип сыртынан акмалап жүргөнүн Зейнеп билген эмес…

Зейнеп Сооронбаева педтехникумду аяктады. Андан ары 1937-1941-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтта окуусун улантат. Зейнеп өтө активдүү кыздардан болгондуктан аялдардын биринчи съездине маданият тармагында иштеген Күлүйпа Кондучалова менен бирге катышып сөз сүйлөгөн. 1939-жылы Кыргыз ССРинин исскуствосунун 1-декадасы Москва шаарында өтөт. Мына ошол декадага даярдык жүрүп жаткан кезде институттагы кыргыз студентери Зейнепти «Москва» клубуна жолугушууга чакырат. Ашыгып келсе залда эл жык толуп, орундук жок. Аны ортодогу бош орундукка чакырат. Жанындагы өңү серт, жаш, мээримдүү жигит Зейнептин окуусун, студенттик күндөрүн сурап, аны көрүп жүргөнүн айтып, эски тааныштай мамиле жасайт. Экөө таанышат. Зейнеп буга чейин Алыкулдун атын угуп жүрсө да, өзүн көрө элек болчу. Курбу кызы Айдай Жигиталиева менен сүйлөшүп жүргөнүн уккан. Анткен менен алардын кийинки мамилелери жөнүндө билчү эмес…

Алыкул сүйлөп жатып олуттуу түрдө, «мен сени чакыртканым себебим, турмуш куруу сунушун айтсам дедим эле» деп суроолуу карайт. Мындайды күтпөгөн сунушка Зейнеп таңданып, ыйлаарын же күлөөрүн билбей кызарып турду. Таанышып-таанышпай эле шарт айтылган сунуш аны дендароо кылды. Аны сезген акын аяр кучактап, «андай болсо күтөйүн, окууңа тоскоол кылбайын, бат-бат келип турамын!» деди. Бул жолугушууну Зейнеп менен чогуу окуган Ажыгабыл Айдаркулов, Илике Көкөев атайы уюштуруп, Алыкулдун жанынан орундук камдашкан. Зейнеп келечектеги тагдырлашы Алыкулга ушинтип жолугат. Зейнеп институтка келип, курбусу Ритага болгон окуяны айтып берет. Рита Зейнептин сабактарына жардам берип, турмушка терең караган кыз эле. Ал «окуу керек болсо, турмушка шашылба. Күйөө керек десең бүгүндөн калбай кет» деп урушат. Кийин Зейнеп Алыкулду Ритага тааныштырат. Алар жол жээктей сүйлөшүп басып, Зейнеп артынан ээрчий басып театрга барышат. Театрдан кайткан соң Рита «Зейнеп, бул жигитти колдон чыгарба, экөөңдүн тагдырың бир» деп айтат.

Ошондон тартып Зейнеп Алыкулга жолугуша баштайт. Экөөнүн мамилеси жакшы болгон менен Зейнеп чоң сүйүүнүн илебине тартылбады. Бул тууралуу курбу кыздарына айтса, «сүйүү үйлөнгөндөн кийин келет, сүйлөшүп жүрө бер, мындай адам менен баш кошуу бакыт эмеспи» дешти. Алыкул Москвага Зейнепти көрүүгө байма-бай каттап, экөө театрга, киного кээде Алыкулдун Акимжан Токбаев (кийин соода министри), Жумабай Камчыбеков (партиялык кызматкер) деген досторунукунда болчу. Зейнеп Алыкул менен таанышкандан эки жылча убакыт болгондо, кыргыз студиясында окуган студент кыз «Алыкул үйлөнгөнү жатыптыр» деген кабарды айтат. Мындай сөзгө ишенер-ишенбесин билбей Алыкулдан чындыкты ачык айтууну өтүнүп кат жолдойт. Катты алган акын өзү барарын айтып телеграмма уруп, аркасынан Москвага учуп жетип, үйлөнүү сунушун айтат. Бир нече күн Зейнеп менен Москвада театрга, киного кирип сейилдеп кайтат.

1941-жылы августта Зейнеп Москвадан Кыргызстанга келип театрда иштей баштады. Эми мурдагыдан жакын болуп, ээрчишип жоро-жолдошторунукуна бирге барышат. Зейнеп шайыр, ачык, ал эми Алыкул түнт, сөзгө сараң, ойчул болчу. Алардын ушул коошпогон мүнөзүн байкаган Мукай Элебаевдин жубайы Бурулча Зейнепке «экөөң жуп болуп жашап кетериңе анчалык ишенбейм» дейт. Бурулчанын муну айткан себеби, Зейнептин энеси Зуура «ушу кенже кызымдын ким менен сүйлөшүп жүргөнүнө көз салчы» деген суранычынан болгон. Аны Зейнеп Алыкулга айтып, ал «Бурулча жеңемдин эмне дегени?» деп таарынычын Мукай менен Түгөлбайга билдирет. Мукай «алардын ымаласын муздатпа» деп аялын урушат. Акыры алардын үйлөнүү тою Керим Сооронбаевдин үйүндө өтөт. Керим ал кезде Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп турган. Карындашынын никесине каршы болсо, да көңүлүн кыя албады. Той үлпөтүнө Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишев, Мукай Элебаев жана башка жазуучулар катышып, эки жашка ак батасын беришет.

Алыкул 1939-жылы Д.Бедный азыркы Токтогул көчөсүндө өзүнө берилген бир бөлмө үйдө Түгөлбай Сыдыкбеков менен бирге жашап турчу. 1940-жылдын сентябрь айынан вокзалдан алыс эмес Түштүк көчөсүндө (кийин Чуйков деп которулган) жазуучулар союзу курдурган эки кабаттуу үйгө Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишевдер коңшу болуп көчүп келишет. Зейнепти ушул жердеги чакан эки бөлмөлүү үйүнө алып келди. Алгач экөө бактылуу жашады. Алыкул жаш колуктусун «көпөлөгүм», «аккуум» деп эркелетсе, Зейнеп акынды «кыялкеч» дей турган. Алыкул көп сүйлөбөй түнт болуп, дулдуюп олтура берсе, Зейнеп «Айдайын унута албай жатат» деген ойго кетчү.

Зейнеп искусство иштери боюнча республикалык башкармада театр бөлүмүнүн жетекчиси болгондуктан, ишине эртең менен тогузда кетип, он бирде кайтып үй-оокатка чолоосу тийбейт. Жаңы коюлган спектаклдерди талкулоо болгондо түнкү бир-экилерде келчү. Акын жаш жубайын үйүнөн чыгаргысы келбеди. Кызганды. Бактылуулук узакка созулбады, экөөнүн уруш-талашы көбөйдү. Зейнеп жумуштан кеч келгенде үйдү ачпай дулдуюп олтура берчү. Алыкулдун бир мүнөздүгү, оңой менен ачылып сүйлөбөгөнү, Зейнептин көктүгү мамилени жылыта албады. Бир-биринен кечирим сурабай экөө эки жакты карап жатышкан учурлары көп болгон.

Ал учурда Зейнеп Сооронбаева ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү койгон «Корол Лир», «Жардылык кемтик эмес» аттуу спектаклдерге резенция жазып «Советская Киргизия» жана башка гезиттерге үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Ал тургай Алыкул Осмоновдун «Он экинчи түн» деген котормосуна да резенция жазган. 1942-жылы согуш басылмак турсун күчөп жатты. Зейнептин агасы Керимди Свердловскиге КПСС БКнын жогорку партиялык мектебине жөнөтүштү. Үйдө апасы Бурулча, келини, небереси менен кыйын турмушту башынан кечирип жатканда, Зейнеп да байма-бай төркүнүнө бара баштаган. Ошол жылы кыздуу болушту. Алыкул көпкө ойлонуп кызына Жыпар деп ат койду. Эки жаштын кубанычына чек жок. Алыкул аялын чекесинен сылап, кызын өпкүлөп жашоо оңуна түштү. Бирок төрөт үйүндө суукка урунган наристе 15 күн гана жашады. Кыз Зейнептин колунда үзүлдү. Акын кызынын чарчаганын жан адамга айтпай, өзү көтөрүп көрүстөнгө коюп келген. Кызынын чачын кыркып алып өмүр бою сактап жүргөн. Кыз чарчагандан кийинки акындын, Зейнептин кайгысы экөөнүн ортосундагы муздактыкты ого бетер күчөттү. Акыры 1943-жылы августта Зейнеп кечкисин үйдөн чыгып кетип, кайрылып барбады. Анын буюм тайымдарын апасы менен Мукай Элебаевдин жубайы Бурулча алып келген. Алыкул Зейнеп менен жашап жүргөндө В.Шекспирдин «Он экинчи түн» чыгармасын которгон. Эгер акын бир жыл чыдап койгон кезде мүмкүн экөө балалуу болуп, сүйгөн жары үйдө олтуруп калмак беле? Ким билет. Муну экөө тең кеч түшүнүшкөн.

Ажырашуу акынга да Зейнепке да чоң сокку болду. Зейнеп кеткенден кийин Алыкул үйдү таштап Тимирязев көчөсүнөн үй сатып алып көчүп кеткен. Жолдоштору «Өз үйүңдөн кетпе» дегенде «бул үй мага бактысыздык алып келди» деп тил алган эмес. Алыкулдун акыркы өмүр жашоосу жаңы сатып алган үйүндө өтүп, болгон жинин ыр жазууга арнаган. Зейнеп да ажырашуудан көп өтпөй Москвага барып, ГИТИСтин аспирантурасына окуп баштады. Жоомарт Бөкөнбаев, агасы Керим аракет кылып экөөнү элдештире албады. Зейнеп акынды төрт жыл күттү. Келип үйгө алып кетет деп жүрдү. Артынан канчалаган ушактар айтылды. «Алыкул эл душманынын кызын кууп салыптыр», «Кулактын кызы Зейнеп акынды чанып кетиптир», «Алыкулдун оорусу жугат деп, үйүндө оокаттарды жыйначу эмес экен» деген ушак айың-кептер элдешүүгө мүмкүндүк бермек да эмес. Тилекке каршы ушундай ушактардын көбүн акын менен жүргөн, белгилүү эле адамдар пендечиликке алдырып чыгарышкан.

1947-жылы Керим Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул жылы Зейнеп да жаңы тагдыр таап Ташкентке кетип, күйөөсүнүн фамилиясын алып Зейнеп Талибова аталды. Ошентип кыргыз кыздарынан алгачкылардан болуп театрлык искусство жагынан Москвадан билим алган Зейнеп өз жерине бата албай башка жакка турмуш куруп кетти. Ал жактан уулду болгондо акынга барып өзүн жана уулун тартуулап кечирим сурамакчы болот. Ал тилегине да жетпеди.

1950-жылы кыштын суугунда оорулуу акын каза тапты. Зейнепке эч ким кабар айттырбады. Жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип «мурдагы күйөөң, кыргыздын акыны каза болуптур» деп угузат. Рауза менен Зейнеп Москвада чогуу окушкан. Зейнеп «Жыпардын 1942-жылдын 9-февралында чарчады» деген догдурдун маалымдоо кагазын жыйырма беш жыл катып жүрдү. Кийин 1967-жылы Алыкулдун архивине тапшырган. Кагазды сактап келгени аны көргөн сайын акынды эске алып, аз жашаган бактылуу учурун эскерип алчу. Көп жылдар өткөн соң Зейнеп Алыкулдун мүрзөсүнө барып, гүлчамбар коюп куран окуп кайткан.

Изилдөөчүлөр кыргыз поэзиясы Алыкулдай акынга ээ болгон менен өнөр таануу илими Зейнептей адисинен ажыраганын айтып келишет. Эгер Зейнеп Кыргызстандан кетпей элибиз үчүн кызмат кылганда исскусствого канчалык деңгээлде салым кошор эле.

Кочкор району, Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×