Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 04.01.2019 09:20

Кочкордо кошмо жыйындын кезектеги отуруму өтпөй калды

Turmush -  Кочкор райондук кошмо жыйындын кезектеги отуруму болбой калды. Бул тууралуу кошмо жыйындын катчысы Райымбек Салбаров билдирди.

Анын айтымында, Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Таалай Курткаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Жаңы жылга белгиленген жыйында Кочкор районундагы жыл мыктыларына, алдыңкы депутаттарга сыйлыктар берилип, татыктууларга райондун «Ардактуу атуулу» наамы берилмек.

Буга чейин Кочкордогу жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын президиумунун төрагасы Курткаев Таалай Исмаилович дүйнөдөн кайткандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×