Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 05.01.2019 10:20 На русском

Кочкордо эки мектеп директорун ардактуу эс алууга узатуу аземи өттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкордун Кош-Дөбө айыл аймагында пенсия жашындагы эки мектеп директорун ардактуу эс алууга узатуу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жана жаштар уюмунун уюштуруусу менен Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин мурдагы директору Замир Алдаяровду, Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинин директору Мамыркул Осмоновду ардактуу эс алууга узатуу кечеси өткөрүлдү. Узатуу аземинде сөз сүйлөгөн Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев эки мектептин директору тең 20 жылдай мөөнөттө иштеп, жакшы иштерди жасагандыгын баса белгилеп, адам кызматтан кеткенде узата билүү маданиятын үйрөнүшүбүз керек деди. Мектептин директорлоруна айыл өкмөт тарабынан жана жаштардын уюму тарабынан белек-бечкектер берилди. Аларга арнап концерт тартууланып, сый тамак уюштурулду. Мектеп директорлору мындай жакшы жөрөлгөгө ыраазычылык билдиришти. Учурда Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинде Нурлан Бакиров, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде Акылбек Жапанов директор болуп иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×