Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуКочкор району 08.01.2019 16:17

Кочкордун Кара-Тоо айылында муз аянты ачылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Тоо айылында жаштарга муз аянты ачылды.

Район акими Нурлан Керимкулов билдиргендей, жергиликтүү бийлик аянтчанын айланасын курчап, керектүү шарттарын түзүп берген. Ал эми айыл жаштары муз тоңдуруп, 75 миң сомго 25 даана коньки алышкан.

Учурда муз аянтчасында конькилер 1 саатка 25-50 сомго чейин ижарага берилет. Музду тоңдурууга 1 жума кеткен. Аянт жайкысын ролик тебүүчү жайга айланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×