Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 14.01.2019 12:50 На русском

Аким Нурлан Керимкулов жетектеген Кочкор району өнүгүү жолунда (видео, сүрөт)

Turmush -  Тогуз жолдун тоомунан орун алган Нарын облусунун Кочкор району келечекте шаар макамын ала турган район катары келе жаткан аймак. Аталган райондун социалдык экономикалык өнүгүшү жасалган иш-аракеттерден жана ошол аймакты жетектеген башчысынан көз каранды. Бүгүнкү күндө Кочкор районунун аймагында кандай өзгөрүүлөр болду? Кандай иштер аткарылып жатат? Ушул жана башка суроолорго Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы район акими Нурлан Керимкуловдон кенен жооп алды.

Нурлан Керимкулов аталган кызматта 2016-жылдан тартып эмгектенип келет.

1 Главный фото

Нурлан Керимкулов 1975-жылы 14-февралда Кочкор районунун Кара-Тоо айылында туулган. 1982-1992-жылдары Кара-Тоо айылындагы орто мектепте билим алган. 1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 7702-аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Аскерде кызмат өтөп келгенден кийин дыйкан чарбасында жана жеке ишкерлик менен алектенген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, юрист кесибине ээ болгон. 2007-2011-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин бүтүрүп, менеджер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2000-2002-жылдары «Нур Кош-Канат» коомдук бирикмесинде төраганын орун басары болуп иштеп баштаган. 2002-2005-жылдары «Кенжетай» коомдук бирикмесинде аткаруучу директор, 2005-жылы «Көк-Жар элдик кошуну» коомдук бирикмесинде төрага, 2005-2008-жылдары Ак-Ордо жаңы конушунун уюштуруу комитетинин төрагасы, 2008-жылдын февралынан 2008-жылдын июнь айына чейин Ак-Ордо жаңы конушундагы Аймактык өз алдынча башкаруунун №15 кеңешинин төрагасы, 2008-2009-жылдары Бишкек шаарындагы Ленин райондук мамлекеттик администрациясында адис, кийин №2 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. 2012-2014-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2014-жылдан 2016-жылдын мартына чейин Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, ал эми 2016-жылдын 22-мартынан тартып райондун акими кызматында иштеп келет.

- Саламатсызбы Нурлан Бейшенбекович, сиз жетектеп келе жаткан Кочкор районунда акыркы жылдары кандай өзгөрүүлөр болду?

- Мен келген учурда Кочкор районун 2013-2018-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн «Жол картасы» программасы иштелип чыгып бекитилген. Ал программаны ишке ашыруу боюнча тынымсыз иш алып барылды. Айтсак, «Жол картасында» пландалган жалпы суммасы 562 млн 699 миң 200 сомдук 203 долбоор аткарылды.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 2018-жылды КРдин президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. Ушул жарлыктын алкагында дагы атайын районду туруктуу өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, анын ичинен приоритеттүү делген 5 тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Алар:
- Логистикалык борборлорду куруу жана айыл чарба продукциясын сатууга шарттарды түзүү;
- Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү колго алуу;
- Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү;
- Туризм тармагын өнүктүрүү жана анын ичинен жайлоо жана агро туризмди жайылтуу жана аларга атаандаштык шарттарды түзүү;
- Инфратүзүмдү өнүктүрүү болуп саналат.

Мындан сырткары, адаттагыдай республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражатын карап отура бербей, бюджеттен тышкары эл аралык уюмдардын, жеке ишкерлердин жана демилгелүү жаштардын колдоосу менен көптөгөн иш-чаралар аткарылып, инвестиция тартууда алгылыктуу иштер жасалып, көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Мисалы, район боюнча 2018-жылы жалпысынан 452 млн 667,8 миң сомдук инвестиция тартууга жетишилди. Мунун ичинен 279 млн 229,8 миң сому республикалык бюджеттен, 114 млн 659 миң сому жеке ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн жана 58 млн 779 миң сом эл аралык уюмдардын, фонддордун салымдары болуп эсептелет. Жалпы тартылган инвестиция 2017-жылдагы 358 млн 390,5 миң сомго салыштырмалуу 126,3 пайызды түзөт. Башкача айтканда, 94 млн 277,3 миң сомго көп тартылган. Анда бала-бакчадан тарта мектеп, спорт залдар, ФАП, футболдук аянтчалар жана көчө чырактарынан бери ар бир айылдан чыккан ишкер атуулдар өз айылдарына салымдарын кошуп келишет.

Курулуш тармагындагы жетишкендиктер:

2016-жылы Капиталдык салымдар беренеси менен Ак-Жар орто мектеби 65 млн сомго, түрткү берүүчү грант менен 16 млн 767,6 миң сомго 7 объект курулуп, ишке берилген. 2017-жылы Жаңы-Жол айылынын орто мектебинин спорт залы 18 млн сомго, Чекилдек айылындагы мектеп 51 млн сомго, түрткү берүүчү грант менен 8 млн 2,8 миң сомго 4 объект курулуп, ишке берилген. Ал эми 2018-жылы түрткү берүүчү грант менен 11 млн 697,5 миң сомго 5 объект (Көк-Жар күрөш залы, Арсы, Комсомол, Эпкин футбол аянтчалары, Кара-Тоо спорт аянты) курулуп, ишке берилди. Мындан сырткары жеке ишкер, демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен 46 млн сомго 3 спорт комплекс (Ак-Жар – 30 млн сом, Кум-Дөбө – 10 млн сом, Шамшы – 6 млн сом) курулуп ишке берилди.

Билим берүү, маданият тармагындагы жетишкендиктер:

Республикалык бюджеттин эсебинен 4 орто мектеп жана кошумча корпустары, ошондой эле 2 мектептин спорт залдары жаңы салынып жатат.

- С.Өмүрбаев атындагы орто мектебинин жаны курулушу 46,2 млн сомго курулуп жатат. Учурда 27,1 млн сомдук курулуштары бүткөрүлүп, жалпы көлөмдүн 58,8 пайызы аткарылды;
- И Абылгазиев атындагы мектеп 49,3 млн сомго пландалып, анын 37,6 млн сомдук жумуштары аткарылып, жалпы көлөм 76,2% түзүүдө;
- Ара-Көл орто мектебине каралган 42,9 млн сомдун 10,4 млн сому өздөштүрүлүп, жалпы көлөм 24,5% аткарылды;
- К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин кошумча корпусунун курулушуна бөлүнгөн 36,5 млн сомдун 10,4 млн сому бөлүнүп, жалпы көлөм 29% түздү;
- Төлөк айылындагы спорт залдын курулушу 84,6 млн сомго башталган, анын учурда 82% бүтүп калды;
- Көк-Жар орто мектебинин спорт залынын курулушу 13 млн сомго башталып, учурда 48,9 пайызга аткарылып жатат.

Республикалык бюджеттин капиталдык салымдарынын эсебинен 4 мектеп, 1 бала бакча, райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты, аймактык оорукананын бөлүмдөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. К.Мамбеталиев, С.Исмаилов, К.Кыдыралиев, К.Бай уулу атындагы орто мектептер жана С.Эсеналиев атындагы бала-бакча, аймактык оорукана, флюорография кабинети, райондук билим берүү бөлүмүнүн имараттары капиталдык оңдоодон өтүштү.

Ошондой эле КРдин президентинин фондусунан райондук маданият сарайы жана залкар манасчы С.Орозбаковдун күмбөзү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан сырткары, эл аралык уюмдар аркылуу Арсы жана Мантыш айылдарына салынуучу 80 млн сомдук 2 мектептин фундаменттерине жана Кара-Күнгөй айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын пайдубалына капсула салынып, келерки жылы курулушун баштоо пландалууда.

Спорт тармагындагы жетишкендиктер:

2018-жылы республикалык дем берүүчү грантынын эсебинен 11 млн 697,5 миң сомго Арсы, Эпкин, Комсомол айылдарына кичи футболдук аянтчалар, Кара-Тоо айылына балдардын универсалдык аянты курулду. Көк-Жар айылындагы күрөш залы капиталдык оңдоодон өттү.

- Элди иш менен камсыз кылуу жумуштары канчалык деңгээлде жүрүп жатат жана райондогу жумушсуздук тууралуу айтып кетсеңиз?

- Райондо жумушсуздук маселесин чечүүдө КРдин өкмөтү менен БУУнун «Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын алкагында түзүлгөн меморандумдун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында «Эмгегине азык-түлүк» программасы иштеп, ушул мезгилге чейин райондун элине 1086,6 тонна ун, 102,5 тонна чөп майын таратышты. Натыйжада жумушсуздук дагы кыскарып, 2015-жылы катталган 976 жумушсуз адамдан, 2018-жылы 299 адамга чейин кыскарган.

Инвестиция тартуу жана чакан ишканаларды ачуу менен дагы жумушсуздук азайган. Мисалы, 2018-жылы районго 58 млн 779 миң сомдук чет өлкөлүк инвестиция тартылды. Район боюнча 2018-жылы 12 чакан ишкананы ишке киргиздик, 60 жаны жумушчу орун түзүлдү. Негизги ишканалардан айта турган болсок Чекилдек айылында уюшулган тигүү цехинде 11 адам эмгектенет. Ал ишкана негизинен балдардын курткаларын, кийимдерин тигишет. Мындан сырткары, Кум-Дөбө жана Шамшы айылдарында муниципалдык кичи ишкана иш алып барышат. Анын биринде 11 адам, Шамшы айылындагы ишканада 8 адам эмгектенет. Алар таштанды чыгаруу, таза-суу, сугат суу иштерин камсыздашат. Көрсөткөн кызматтары үчүн акы алып иштешет.

- Кочкор районунда акыркы 2 жылда канча чакырым унаа жолу асфальтталып бүткөрүлдү?

- Унаа жолдору боюнча айтсак:

2016-жылы жалпысынан 40578,2 миң сомго 9,25 чакырым асфальт төшөлдү;
2017-жылы 800,50 миң сомго 16,0 чакырым асфальт төшөлгөн;
2018-жылы Капиталдык салымдар беренесинин жана БНТ автожолунун реабилитациясынан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 124,1 млн сомго 21,4 чакырым жолго асфальт төшөө жана тротуарларды оңдоо иштери жүргүзүлдү.

- Кызыл-Дөбө – Кара-Мойнок жолунун 2,7 км;
- Кочкор – Коммунизм жолунун 7,5 км;
- Кум-Дөбө – Шамшы жолунун 2 км;
- Кочкор – Ормон-Хан унаа жолунун 1 км;
- Чолпон – Туз жолунун 5 км;
- Кочкор – Исакеев жолунун 3,2 км жолдоруна асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Аны менен катар жаңы ачылган Кочкор – Орток автожолун оңдоо, Кочкор-Орток автожолуна көпүрөсүн салуу иштери аткарылды. Районго келгенден бери район аймагында 2 чоң көпүрө жаңы салынды жана 1 чоң көпүрөнүн курулушу 2019-жылы башталат. Алар, Кочкор – Коммунизм автожолунун 0-0,8 чакырымдар аралыгына жаңы 18 м көпүрө курулду, наркы 8706,3 миң сомду түздү. Кочкор – Орток автожолундагы чоң көпүрө 11 млн 160,2 миң сомго жаңы курулуп, ишке берилди. Кочкор – Коммунизм автожолунун 1,5 чакырымындагы Чу суусунан өтүүчү көпүрө 75 млн 669,7 миң сомго тендери өтүп, курулушу башталуу алдында турат.

- Чет элдик донорлор менен кантип иш алып баруудасыздар, районго тартылган долбоорлор тууралуу айта кетиңиз?

- Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, ЮСАИД, АРИС, GIZ, JICA, Швейцария өкмөтү, Экофонд жана башка ушул сыяктуу долбоорлор менен иштеп келебиз. Бул уюмдардын жардамы менен атайын техникалар, мектеп, бала бакчаларга инвентарь, ар кандай жабдуулар алынды жана 2 жаңы мектептин курулушу башталды. Мындан сырткары Кочкор айылына 1000 тонналык логистикалык борбордун (картошка сактоочу жайдын) курулушу башталган.

Россия, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттери биргелешип түзгөн «Семенной картофель» ЖЧКсы Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы Капка-Таш участогуна 31 га жер аянтка элита классындагы 3 сорттогу картошканын үрөндөрүн айдашты. Жалпы тартылган инвестиция 300 миң АКШ долларын түздү, мунун ичинен 130 миң АКШ долларына 100 тонна үрөн жана жер семирткичтер алынган. Ал эми 170 миң АКШ долларына 2 даана «Беларусь» үлгүсүндөгү трактор, 1 даана соко, 1 даана топурак майдалагыч, 1 даана суюк жер семирткич чачкыч, 1 даана кургак жер семирткич чачкыч, 1 даана картошка тиккич, 1 даана сууну чачып сугаргыч аппараты менен алынган. Ошондой эле картошканын түшүмүн сактоо үчүн Дөң-Алыш айылынын Курулуш короосу (Стройдвор) участогуна 10 млн сомго 2200 тонналык логистикалык борборунун кампасы курулуп бүтүп, ишке берилди. Азыркы күнү картошка сактоочу жайда 450 тонна картошканын үрөндөрү сакталып, 60-70 сомдон сатуу пландалууда.

- Район аймагында ири ишканалар ачылганын билебиз, алар тууралуу кеңири маалымат берсеңиз?

- Заманбап «Адал-Азык» ЖЧКнын «Тойбосс» мал соючу жайы 40,1 млн сомго курулуп, 2017-жылдын сентябрь айында ишке берилди. Мунун 15 млн сомун ЮСАИД уюмунун «Агрогоризонт» долбоору аркылуу алып, бардык керектүү жабдуулары алынган, калган 25,1 млн сому ЖЧКнын өз каражатынан сарпталган. «Адал-Азык» мал союучу жайдын имараты Кочкор айылындагы мурдагы сельхозхимия мекемесинин аймагына курулду. Мал союучу жай түркиялык технология менен курулуп лабораториясы, малды карантинге кармоочу жайы, сойгонго даярдап жана бордоп семиртүү жайлары менен жабдылган. Суткасына 30 баш бодо мал соё алат. Учурда 15 адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 15-20 бодо мал союлуп, өндүрүлгөн продукциясы Бишкек шаарындагы «Тойбосс» жоопкерчилиги чектелген коомунун колбаса чыгаруучу цехтерине жөнөтүлөт. Мындан сырткары элдин бодо малын союп берип, кошумча кызмат көрсөтүп келишет. Кызмат акысы 1 баш бодо малга 1000 сомду түзөт. Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, эл аралык стандарттардын талаптарына толук жооп берет жана жалпысынан келишимдин негизинде 400 фермерлер менен иш алып барат жана кредитке аралашма тоют (комбикорм) берип, анын ордуна фермерлердин мал семиргенден кийин эт түрүндө эсептешет.

- Район аймагында дотациядан чыгарылган айыл өкмөттөрү барбы?

- 2017-жылы болгон аракетибизди жасап жатып Кочкор айыл өкмөтүн толук өзүн-өзү каржылоого өткөрдүк (дотациядан чыкты).

- Тоо-кен өнөр-жайы тармагында иштер барбы? Кайсыл ишканалар кен иштетүү менен алек?

- Кыргыз-Кытай «Сан-Хэ тоо кен өндүрүүчү компаниясы» ЖЧКсы;
- «Ак-Таш-Дордой» ЖЧКсы;
- «Доломит» ЖЧКлары толук кандуу иш жүргүзүшүп, райондун экономикасына өз салымдарын кошуп келишүүдө.

- Сиздердин айылдарды түнкү жарыктандыруу менен камсыздоо канчалык деңгээлде жүрүп келет?

- Район боюнча 11 айыл аймагы, 33 калктуу конуш бар, анын ичинен 31 айылга жалпысынан 2018 даана түнкү чырактар орнотулган. «Региондорду өнүктүрүү жылы» жарлыгынын алкагында быйыл инфраструктурага, анын ичинен өзгөчө жарыктандырууга жакшы көңүл бөлүнүп, көп айылдардын четки көчөлөрүнөн бери чырактар орнотулду.

- Айыл чарбасында аткарылган иштер жана районго алынган техникалар тууралуу кеп салыңыз?

- 2016-2018-жылдар ичинде район боюнча жалпысынан 6 даана айыл чарба техникасы (ТОПОЗ-1204, МТЗ-82.1, МТЗ-1025.2) лизинг аркылуу алынды. АРИС уюму аркылуу 9 даана атайын техникалар (фронталдык жүктөгүч, экскаватор, МТЗ-82.1, ж.б.), GIZ, Швейцария өкмөтү жана Экофонд уюмдары аркылуу 4 даана атайын техникалар (МТЗ-82.1, МТЗ-892.2 «Амкадор» чиркегичтери менен) алынды. Жалпысынан 3 жыл ичинде 19 техника алынып келди.

Мындан сырткары «Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасына «МАЗ» таштанды чыгаруучу атайын унаа, АРИС аркылуу ветеринарларга 22 мотоцикл алынып берилди.

Кочкор району боюнча 2018-жылга карата түзүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн структурасынын негизинде бардыгы болуп 14431 гектар жер аянты айдалып себилген, мунун ичинен дан эгиндери 7776 гектар, картошка 3311 гектар, жашылча 70 гектар, көп жылдык жана бир жылдык чөп 3273 гектарга себилген. Өткөн жылдардагы себилген 13124 гектар көп жылдык чөптөрдүн аянттарын кошкондо пайдалануучу аянт 27555 гектарды түздү.

2018-жылы насостук станциялар, каналдар өз учурунда ремонттон өткөрүлүп, вегетация учуруна 13,5 км канал, 32 даана гидротехникалык курулмалар, 16 даана гидропост, 7 даана насостук станция капиталдык ремонттон өткөрүү пландаштырылып, план толугу менен аткарылган.

Айыл чарбасында жаңы технологияларды колдонуу багытында «Арт Агро» ЖЧКсы менен биргеликте иш жүргүзүп, Орусиянын Воронеж шаарында жаңы чыгарылып жаткан глицерол органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча келишимдер түзүлгөн. 2017-жылдан баштап бул органикалык жер семирткичтер райондун айыл аймактарында колдонулуп жакшы натыйжаларды берип келет. Быйылкы жылы дан эгиндеринин аянттарынын ар гектарынан 23,7 центнерден түшүм өстүрүлүп алынып, дүң жыйым 18483 тоннаны түздү.

Райондо 2018-жылдын күзгү тоңдурма сугаттын тапшырмасы түзүлүп, тоңдурма сугаттын тапшырмасы 101 пайызга аткарылган.

- Акыркы суроом, райондогу асыл тукум малдарды көбөйтүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

- Кочкор районунун аймагындагы «Сал-Эм» асыл тукум заводуна абердин-ангус тукумундагы асыл тукум 50 баш кунаажын, 2 баш бука АКШнын Монтана штатынан алынып келинген. 2016-жылы 34 баштан төл алынды, 2017-жылы 32 баштан төл алынды.

Бүгүнкү күндө «Сал-Эм» асыл тукум заводунда абердин-ангус тукумундагы асыл тукум ири мүйүздүү бодо малдан жалпы 115 баш бодо мал бар. 2017-жылы 1 млн 700 миң сомго Тажикстандан 120 баш асыл тукум гиссар тукумундагы койлорду алып келинген, учурда 250 баштан ашты. 2 баш абердин-ангус тукумундагы букалар Талас облусунан алып келинген.
Андан сырткары, 2018-жылы жайыт комитеттери аркылуу 10 баш абердин-ангус тукумундагы букалар алып келинип, айыл өкмөттөргө таратылып берилди.

Ошондой эле ири мүйүздүү малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында жеке ишкерлер тарабынан Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай участкасында 60 баш жана Исакеев айылында 80 баш сүт-эт багытындагы симментал тукумундагы, андан тышкары 15 баш «черный пестрый» тукумундагы, 5 баш герафорд тукумундагы уйлар багылып келүүдө. Өндүрүлгөн сүтүн Кочкор айылындагы сыр, быштак чыгаруучу цехке өткөрүп келишет.

- Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×