Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 16.01.2019 14:29

Кочкордо жолдун жээгине орнотулган соода күркөлөрдү алуу тапшырмасы коюлду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун борборунда жол жээктеп орнотулган соода күркөлөрдү алуу керек. Бул тууралуу Кочкор айыл өкмөтүнүн жыйынында райондун акими Нурлан Керимкулов билдирип, айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырма берди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акимдин айтымында, жол жээгинде айрым павильон, дүкөндөр мыйзамсыз орнотулуп, алар Кочкор айыл өкмөтүнөн алган уруксатка таянып келет. Мындан ары алардын уруксат кагазын узартпоо тапшырмасы берилди.

Мамэкотехинспекциянын Кочкор жана Жумгал райондору боюнча бөлүмүнөн билдиришкендей, жолдун жээгиндеги айрым павильон, дүкөндөрдүн мыйзамсыз орнотулгандыгы атайын текшерүүдө аныкталган. Алардын кээ бирөөсүнө эскертүүлөр берилсе, айрымдарына айып салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×