Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 18.01.2019 10:52

Кочкордогу тарых жана край таануу музейине тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы ыйгарылды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы тарых жана край таануу музейине кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Музейге ысым берүү аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тарыхчынын кызы Бүбүш Осмонаалы кызы, бир катар тарыхчылар, мугалимдер катышты. Ошону менен бирге музейдин ичине тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулуна арналган бурч уюшулду. Ал жайга тарыхчынын кол жазмалары, ал жөнүндөгү маалыматтар коюлду.

Осмонаалы Сыдык уулу 1875-жылы Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Аталаш агасы Жаркынбай сабаттуу, көп жерге таанымал молдо болгондуктан анын колунда окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн.

Чүй өрөөнүнө келип балдарга сабак берген. 1920-жылдын аягы, 30-жылдын башында сталиндик куугунтуктоо доору башталганда Кытайга качып кетип, Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгону айтылат.

1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында «Мухтасар тарых-и Кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача тарыхы»), ал эми 1914-жылы болсо «Тарых-и кыргыз Шадманийа» («Шабданга багышталган кыргыз тарыхы») деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки китеп тең бир китеп болуп 1986-жылы Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган. Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу «Ала-Тоо» журналында жана «Кыргыздар» көп томдук эмгегинде жарыялаган. Кыргызстандын постсоветтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду.

Тарыхчынын кызы Бүбүш Осмонаалы кызынын айтымында, О.Сыдык уулун 1930-жылы эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин, 1931-жылы атууга өкүм чыккан. Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан. Мына ошол жолдо абактан абакка баратканда Осмонаалы Сыдыков кайтарган аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон. Осмонаалы Сыдыков болсо ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен. Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги кыргыз айылында безгек оорусунан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×