Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 23.01.2019 11:46

Кочкордо бузуулар комиссиясы түзүлүп, иштей баштады

Turmush -  Кочкор районундагы айыл аймактарда бузуулар комиссиясы түзүлүп, иштей баштады.

Аймактык кабарчы билдиргендей, комиссия мүчөлөрүнө Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Улан Жамангулов 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси жана башка мыйзамдар жөнүндө түшүндүрмө берди.

«Жаран жер, суу, таза суу, жайыт боюнча тартиптерди бузганда ошол тармакта иштеген адам протокол түзөт. Ал эми бузуулар комиссиясы эки түрдүү (эскертүү же айып салуу) жаза колдонот. Эгер тартип бузуучу мага туура эмес айып салынды десе, бузуулар комиссиясы анын келтирген мисалдарын карап көрөт.

Бузуулар комиссиясынын чыгарган протоколун комиссиянын ичиндеги эки оператор райондук ички иштер бөлүмүндөгү базага түшүрөт. Тартип бузуучу айыпты өз учурунда төлөбөсө күнүгө үстүнө дагы акча кошулуп турат. Андан соң сот аткаруучуга жиберилет. Калган ишти сот аткаруучу аткарат. Эгер жаран сот аткаруучунун чечимин аткарбаса, соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн деген берене менен иш ички иштер бөлүмүнө жиберилип, Жоруктар жөнүндө кодекси менен чара көрүлөт» - деди У.Жамангулов.

Бузуулар комиссиясына айыл өкмөтүнүн имаратынан атайын жай бөлүнүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×