Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 25.01.2019 09:30

Кочкордогу айдоочулар эки айылдын ортосундагы 3 чакырым жолду оңдоп жатышат (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Ормонхан айылындагы айдоочулар Ормонхан–Кара-Суу жолун оңдоого чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочу Өмүрбек Жансаркеев маалымдады.

Анын айтымында, Кара-Суу айылы менен Ормонхан айылынын ортосундагы үч чакырым жол оңдолбогондуктан унаалардын жүрүшү кыйын болуп калган.

«Жол тейлөө ишканасы Грейдер менен жолду түртүп берди. Ага айдоочулар тарабынан кырк литр күйүүчү май куюлду. Ормонхан айылынын айдоочулары жолду грейдер сүрүп кеткенден кийин таштарды терип, айрым жерлерин оңдоп-түздөшүүдө», - деди айдоочу Ө.Жансеркеев.

Ормонхан–Кара-Суу унаа жолунун бир чакырым жерине өткөн жылы асфальт төшөлүп, үч чакырым жери калып калган. Бул жол март айында асфальтталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×