Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 26.01.2019 15:44

Кочкордун алдыңкы окуучулары Жогорку Кеңеште болушту (сүрөт)

Turmush -  Кочкордогу эки мектептин 11-классынын алдыңкы окуучулары Жогорку Кеңеште болуп, депутаттардын иши менен таанышып кайтты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ата-энелер комитетинин мүчөсү Гүлнара Касымалиева маалымдады.

Анын айтымында, Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Алымбек Мамырбаевдин уюштуруусу менен айыл аймагындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 19 окуучусу, Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинин 5 окуучусу ата-энелер комитети менен бирдикте Жогорку Кеңеште саякатта болушту. Окуучулар Жогорку Кеңештин депутаттары менен баарлашты. Кийинки күнү окуучулар борбор калаадагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп, окутуу ыкмалары менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×