Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 29.01.2019 17:29

Кочкордун Кош-Дөбө айыл аймагындагы айдоочулар 4 үй-бүлөгө азык-түлүк алып беришти (видео)

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы жүргүнчү ташуучу айдоочулар колунда жок муктаж адамдарга жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулардын бригадири Качкын Асанбеков билдирди.

Анын айтымында, Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылындагы айдоочулар эки айылдан муктаж деген төрт үй-бүлөгө азык-түлүк алып беришти.

«Ар бирине бир кап ун, 10 килограмм кесме, беш литр өсүмдүк майын сатып бердик», - деди К.Асанбеков.

Өткөн жылы да айдоочулар төрт үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр түшүрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×