Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 30.01.2019 14:07

Тагдыр: Кызынын жарык дүйнөгө келгенине сүйүнгөн ата-эне 2 айлык Наиманын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Turmush -  Кочкор районунун Комсомол айылынын тургундары, учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында батирде жашашкан Муктар Мусаев менен Жыпара Абыкеева 2 айлык кызынын өмүрү үчүн күрөшүп келишет.

Жыпара 1985-жылы туулган, 4 баланын энеси. Ал эми Муктар 1974-жылкы. Экөө тең эч жерде иштешпейт. Бул үй-бүлөнүн улуу баласы 12 жашта, кийинкиси 10 жана 7 жашта.

Кенже кызы Наима Асанбековага болгону 2 ай болгон. Ал 2018-жылдын ноябрь айында туулган. Эненин курсагында 37 жума болуп, бирок Жыпарадан кан кетип, операция жолу менен жарыкка келген. Кыздын кыркы чыгып, бирок жаңы жылдын алгачкы күнү эмчек эмбей, эмгеги шишип ооруканага жаткырылган. Кыз учурда Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасында даарыланууда.

Наимага өттүн атрезиясы, вирустук гепатит, ымыркайдын геморрагиялык оорусу, үчүнчү даражадагы балдардын инсульту ( детский инсульт ВЖК lll-степени) деген диагноздор коюлган.

Кызга Санкт-Петербург же Москва шаарынан операция жасалат. Дарыгерлер операцияга болжол менен 500 000 рубль кетерин айтышкан.

«Аркы жумада операцияга баргыла деп жатат. Билбейм, жетишебизби. Каражатыбыз чогулбай жатат. Мен учурда жакындарым менен мечиттерди кыдырып, каражат сурап жүрөм. Кызымдын башы менен боорунан деп жатышат.

Кызым 28-ноябрда операция жолу менен төрөлгөн, жакшы эле болчу. 31-декабрь күнү жакшы жаткан. 1-январь күнү эмчек эмбей ыйлап калды. Эмгеги шишип кетиптир, ооруканага алып бардык. Үчүнчү балдар ооруканасына алып барсак, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Андан кийин палатага которулдук. Азыр боору иштебей жатат, баланын өңү саргарып кетти, боорду алмаштыруу керек дешти.

Аламүдүн райондук төрөт үйүнөн, Кант шаарындагы төрөт үйүнөн операция кыла албайбыз дешип, Чүй облустук төрөт үйүнөн төрөлдү. Кызым төрөлгөндө ыйлабай түшкөн дешет, дарыгерлер алып кеткенден кийин ыйлаптыр. Төрөгөнгө чейин аппараттан баланын жүрөк согушу, ички органдары жакшы деп жатышкан. Азыр тууган-урук, калайык калктан кызымдын операциясына жардам сурап, каржы топтоп келебиз», - деди кыздын атасы Муктар Мусаев.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Байланыш телефондор: 0500606528 (апасы Жыпара), 0707788411 (атасы Муктар).
ЭЛСОМ 0500606528
KICB Банк
№1280026052687262
БИК: 128002
Алуучу: Мусаев Муктар Асанбекович.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×