Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 30.01.2019 22:07

Тарых инсаны: Партиялык кызматкер  К.Боталиевди энеси согуштан кайтып келет деп өмүр бою күткөн

Turmush -  Жаш кезинен комсомолдук, партиялык, советтик кызматкер болуп, 37 жашында Улуу Ата Мекендик согушка кетип курман болгон Кадыркул Боталиевди энеси өмүр бою күткөнүн Уулман Өскөнбаева айтып берди. Ал — Кара-Күңгөй айылынын тургуну, баатыр эне.

Каракол уездине караштуу Семизбел болуштугунун Сарычат айылында орто чарба Солтонбек уулу Күчүктүн Осмон, Макелей деген уулдары болгон. 1906-жылы Кадыркул деген уулдуу болот. Уулун кандайдыр себептер менен Байгөнчөк уулу Ботаалы деген туугандары багып алат. Ботаалы Семизбел болуштугунун болушу Кененбай Байтүгөл уулунун баласынын жылкычысы болгон. Анын байбичеси Бегаалы кызы Болгон-Болду Кадыркулду эркелетип чоңойтот. 1914-жылы Ботаалы өлүп, жетим калат.

Кочкордун Кара-Күңгөй деген айылында Ботаалынын тумшугу деген жер бар. Сегиз жашында атасынан жетим калган Кадыркул Балыкчы тарапта Тооке Жайгараев аттуу байдын коюн кайтарат. Ал бай колуна сокур тыйын бербей кууп жиберет. Ошол кезде эжеси Жумадыл Түлөгабылов дегенге турмушка чыгып, алардын колунда чоңоёт. Жездеси таланттуу акын, билимдүү адам болгон. Ал Кыргыздын өткөндөгү тарыхын көп билген Талып молдо Байболот уулун Жети-Өгүздөн, Талды-Суудан Сатылган молдону, Ак-Булуңдан укумчул Ажыны дайым үйүнө чакырып, беш-алты күн кондуруп, эртели-кеч сүйлөтүп, сөздөрүн угуп отурчу. Алардын сөздөрүн Кадыркул да кунт коюп угуп жүрүп, кыргыз элинин тарыхын, өткөндөгү атактуу адамдарынын акылман сөздөрүн илип алып, сөзмөр, чечен болуп тарбияланат.

1916-жылы Улуттук боштондук күрөшүндө бир тууган агасы Макелей Стольпинге (азыркы Кочкорго) чабуул коюп киргенде орустардын огу жаңылып кайтыш болот. Эл бүлүнүп Кытайга качат. Ал жактан кайтып келгенде баккан энеси Болгон Өскөнбай байга турмушка чыгат. Жоомарт уулу Өскөнбай бай адам болгондуктан байлыгы менен иниси Оторбайды бий кызматына шайлатып, ал төрт мөөнөт бий болгон. Азыр да бул инсандардын жашаган жери Өскөнбай булуң, Оторбай булуң деп аталат.

Өгөй атасы Өскөнбай 12 жашка толгон Кадыркулду 1917-жылы Караколдогу балдар үйүнө жөнөтөт. 1918-жылы жездеси уездик кызматкердин жардамчысы кылып орноштурат. Ошентип түшкө чейин мектепте окуп, түштөн кийин уездик кызматкерге жардамчы болуп иштей баштайт. 1919-20-жылдары жездеси Жумадыл Түлөгабылов Алмата шаарындагы мугалимдерди даярдоо курсунан окуп, казак тилинде чыккан «Тилчи», татар тилиндеги «Көмөк» аттуу гезиттерге ар түрдүү кабар, макала, ыр жазып иштей баштайт. 1922-жылы Кадыркул балдар мектебин аяктап жатканда ВЛКСМдын Нарын-Каракол канткомунун секретары Баатыркан Мээрканов комсомолго мүчөлүккө өткөрүп, айылга комсомолдук ячейка ачуу тапшырмасын берет.

1924-жылдары баккан энеси Болгондун Ошто чоң кызматта иштеген бир тууган иниси Бегалиев Китенбай Ташкенттеги медициналык техникумга окууга жолдомо алып берет. Өскөнбай акча каражатын берип, жездеси Жумадыл Түлөгабылов (ал «Эркин Тоо» гезитинде иштеп жүргөн) коштоп барып, окууга киргизет. Кадыркул окуу жайында Зыфар Эгембердиев (кийин Медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттыкты сактоо министри болгон), Ысак Кашкараев, Касымакун Майлышев, Ыйман Ырысариев деген жигиттер менен окуп, алардын баары өз доорунун алгачкы белгилүү дарыгери болуп чыгышкан. 1926-жылы оорусуна байланыштуу окууну толук бүтпөй айылга кайтып келген. Ошол жылы өзү жашаган Сары-Чат айылында ТОЗ (жерди шериктештирип иштетүү) артелин уюштуруп, өзү жетектеген. Кийин Бозгунчу Оторбаевге Сары-Чат артелин өткөрүп берип, комсомолдук иштерин уланткан. Ал 1926-28-жылдары Караколдо, Жалал-Абадда комсомолдук кызматта иштеп турган. 1927-жылы кыргыз элинин туңгуч журналисти, «Эркин Тоо» газетасынын кызматкери Жумадыл Түлөгабылов каза болду. Жездесинин өлүмү Кадыркул үчүн оор сокку болгон. Анын кылган жакшылыктарын өмүрүнүн аягына чейин унутпай жоро-жолдошторуна айтып жүргөн...

К.Боталиев 1929-30-жылдары Жалал-Абад кантонунун Кошчу союзунун төрагасы, кантон жоюлгандан кийин Ош окружкомунун ага инспектору болуп иштеп турганда айылдаш инилери Райымбек Осмонов, Султанаалы Түйрүковду Оштон окуткан. 1930-жылы февраль айында КПССтин катарына өткөн. 1931-жылдан баштап партиялык жана советтик кызматтарда иштеген. Наркомземде кадрлар боюнча бөлүм башчы, 1930-1931-жылдары Сүлүктү райаткомунун жооптуу секретары болуп иштеген. Ал кезде Түштүктө басмачылардын күчөп турган учуру болгон. Кызматкерлерди атып, өлтүрүп кетүүлөр көп болчу. Иштөө абдан оор болгон. Ошол кездери Райаткомдун кеңсесине колунда жок бир чал кирип, ич кийим алып берүүсүн суранат. Ал кезде жашоо тартыш болгондуктан кийим кече жетишкен эмес. Айыл жерлеринде дүкөндөр жок эле. Кадыркул карыянын колуна кат жазып, «үйгө барсаңыз аялым менин ич кийимимди берет» дейт. Бир аздан кийин карыя кайра келип, «үйдө жуулган таза ич кийим жок деп бербей койду» дейт. Ошондо Кадыркул тиги аксакалды оозго чыгарып, өз ич кийимин чечип, кагазга ороп берип узатат. Кадыркулдун боорукердиги, берешендиги эл ичинде аңыз болуп айтылган. Ал досторуна:

Жалгыз болсоң чогоол бол,
Көп жанынан түңүлсүн.
Жарды болсоң, жоомарт бол,
Бай малынан түңүлсүн, - деген бабалардын сөзүн эсиңерден чыгарбагыла деген насаатын көп айтчу экен. Чач алдырганда чач тарачка ашык акча карматып, «мени киши кылып жүргөн башым. Мен жалгыз башымдан эч нерсе аябаймын» дечү экен.

Кадыркул барганда Сүлүктү районунда 14 мектеп болсо, жаңы 50 мектеп ачып, жалпы 64 мектепке жеткирген. Баткен-Бужум аймагына балдардын интернаты ачылган. 1931-33-жылдары Талас райкомунда агитмассалык бөлүм башчы, Кочкор райкомунда жоопту инструктор, 1934-жылдары Кочкор райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштейт. Кочкор районунда райаткомдун төрагасы болуп турганда аялы кайтыш болгон. 1936-жылы 2-сентябрда Ак-Талаа району түзүлгөндө райаткомдун төрагасы кызматын аткарган. 1937-жылдын 4-апрелинде Кыргыз обкому (ал кезде республика боло элек) Базар-Коргон райкомунун 1-секретарынын милдетин аткаруу үчүн жөнөтөт. Ошол эле жылы 20-октябрда Кыргызстан комунисстик партиясынын Борбордук комитети Базар-Коргон райкому кызматын кошуп аркалоо менен, ички соода боюнча Эл комиссарынын төрагасы (соода министри) кылып дайындайт.
Соода министри болуп турганында сталиндик репрессияга кабылып суракта жатып бошотулган. Өгөй атасы Өскөнбайдын небереси Уулмандын айтымында, 1943-жылы 26-мартта согушка жөнөгөн. Өскөнбайдын Асанаалы, Айдыраалы деген эки уулу болгон. Айдыраалынын уулу Адылбек Өскөнбаев 1942-жылы 16 жашында жашын чоңойтуп, жаздырып өз каалоосу менен согушка аттанган.

Өскөнбаева Уулман: «Мен 1943-жылы 23-мартта төрөлүпмүн. Кадыркул байкем Ак-Талаа районунда жүргөн экен. Ошол жактан келип, согушка жөнөп жатканын айтат. Сейдекан апам жаңы төрөп, ордунан тура электе Кадыркул байкем урушка кетет дегенде, кой союп иче-карын артып ордунан турган экен. Ошентип, 1943-жылдын 26-марттында Кадыркул байкем согушка аттаныптыр. Чоң энем Бегаалы кызы Болгон -Болду Кадыркулду өмүр бою согуштан келет деп күттү. Чоң сандыгынан Кадыркул алып берген жоолукту бооруна кысып, ыйлап жиберчү. 1945-жылы Адылбек байкем согуштан жарадар болуп, капитан чинин менен кайтты. Ал эми Кадыркул байкем кайтып келбеди. Кат-кабар да келген жок. Болгон-Болду чоң энем күтүп жүрүп 1956-жылы мен 12-13кө карап, 4-класста окуп жүргөнүмдө Орто-Токойдо кайтыш болду. Чоң энемдин сөөгү ошол жакка коюлду», - деди.

Кадыркул Боталиев 1943-жылы согушта курман болгон. Бирок, аны угузган кара кагаз туугандарынын колуна берилген эмес.

К.Боталиев Жалал-Абад кантон аткаруу комитетинин, кантондук жер комиссиясынын жана Кочкор аткаруу комитетинин дан даярдоодогу жетишкен ийгилиги үчүн ардак грамоталар менен сыйланган.

Комсомолдук, партиялык, советтик кызматкер Кадыркул Боталиевдин ысмы Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылындагы бир көчөгө берилген. Айыл тургуну Асанбек Бейшембиев Кара-Күңгөй айылындагы ал жашаган үйүнүн ордуна там салып жатып, араб тамгасындагы кол жазмаларды таап алган. Аны түшүнбөстүктөн айылга келген дааватчыларга берип салганын айтат. Мүмкүн, ал кол жазма, анын күндөлүгү болсо, анын саясий ишмердүүлүгү тууралуу көп нерсени ачыктамак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×