Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 31.01.2019 08:38

Кочкордун Соң-Көл айыл өкмөтүндө тургундардын демөөрчүлүгү менен айрым курулуш иштери бүткөрүлгөн

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Соң-Көл айыл өкмөтүнө 2018-жылы 6 миллион сомдон ашык инвестиция тартылган. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Эркин Чекирбаев билдирди.

«Эл аралык уюмдар, ар кандай булактар жана ата-энелердин демөөрчүлүгү менен курулуш иштери бүткөрүлдү. Мектептин терезелери алмаштырылып, компьютердик класс ачылды. Айылдын көчөлөрүнө түнкү чырактар коюлду. Айылдын элинин коопсуздугун коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мерчемдүү жерлерге камералар орнотулду. Эми айылга интернет байланышын жеткирүү иштери жүргүзүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×