Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 31.01.2019 09:42

Кочкордо жаңы мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушу талкууга алынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкордо 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кеңешме Кочкор районунун прокуратурасынын демилгеси менен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өткөрүлүп, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Керимкулов, райондун прокурору К.Нурулаев, РИИБдин жетекчиси М.Мырсалиев жана райондогу мамлекеттик органдардын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ошондой эле райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты. Кеңешмеде райондун прокурору К.Нуруллаев 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Пробация жөнүндө мыйзамынын талаптары жөнүндө, ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган системалар туурасында түшүндүрмө берди. Ошондой эле К.Нуруллаев Нарын облусунун бардык прокуратура органдарында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууда пайда болгон көйгөйлөрдү убагында ыкчам чечүү максатында жумушчу топтор жана түз байланыш телефондору түзүлгөндүгү жана зарыл болгон учурда ал жактан кеңештерди алуу мүмкүн экендигин маалымдады. Кеңешмеде жаңы мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушу талкууга алынды. Күч органдары тарабынан кеңешменин катышуучуларынын, айрыкча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн Бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жетекчилеринен жана айыл өкмөттөрдө бузууларды кароо боюнча түзүлгөн комиссиялардын мүчөлөрүнүн берилген суроолоруна жооптор берилип, аларды талкуулоо, сунуш-пикирлерди айтуу менен коштолду.

Жыйындын аягында тийиштүү мамлекеттик органдардын жана айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерине жаңы кодекстердин, мыйзамдардын талаптарын так аткаруу жагы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×