Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 31.01.2019 11:04 На русском

Кочкордогу 20 турак үйдүн короосун суу каптады (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 30-январда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу тоңуп, муз катмары пайда болуп, 20 турак үйдүн короолорун суу каптады. Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жерине ӨКМдин Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, №42 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, айыл башчысы барып, 1 экскаватор тартылган.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, тартылган техниканын жардамында суунун жээги бекемделди. Иш-чаралар 31-январь күнү улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×