Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 01.02.2019 11:47

Кочкордо жол эрежесин бузган айдоочуларга 22,5 миң сом айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун аймагында «Укук-Тартип» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө ЖКККБ кызматкерлери тарабынан жол кыймылын бузган адамдарга 22500 сом айып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор РИИБдин 2019-жылдын 29-январындагы буйругунун негизинде 30-31-январь күндөрү Кочкор районунун аймагында «Укук-Тартип» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чара өтүүдө. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлгөн.
- 84-1-беренесинин негизинде (ок атуучу куралын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) 4-адамга эскертүү берилген;
- 53-беренесинин негизинде (тыюу салынган жерге тамеки заттарын тартуу) 4 адамга эскертүү берилген.

Ал эми ЖКККБ кызматы тарабынан Бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 15 протокол түзүлгөн.
- 8 айдоочуга 121-беренесинин 4-бөлүмү менен 1000 сомдон айып салынган (коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн);
- 3 айдоочуга 122-беренесинин 1-бөлүмү менен 1000 сомдон айып салынган (унааны документи жок айдоо);
- 1 айдоочуга 122-беренесинин 3-бөлүмү менен 5500 сом айып салынган (транспорт каражатын айдоо күбөлүгү жок айдап жүргөн);
- 1 айдоочуга 123-беренесинин 2-бөлүмү менен 3000 сом айып салынган (фарасын күйгүзбөгөндүгү үчүн);
- 1 айдоочуга 121-беренесинин 2-бөлүмү менен 3000 сом айып салынган (транспорт каражаты техникалык кароодон өткөн эмес).

Автотранспорт агенттигинин кызматкерлери тарабынан 1 айдоочуга 129-берененин 3-бөлүмү (унаанын терезесин караңгылатуу) менен 3000 сом айып салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×