Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 05.02.2019 23:07

Кыргызстандын жаратылышы: Кочкордун бийик тоолорунда өскөн өзгөчө гүлдөр (сүрөт)

Turmush -  Кочкордун 3000-4000 метр бийиктеги тоолорунда түркүн түстөгү жыты аңкыган гүлдөр өсөт.

«Бийик тоо кыркаларында, тоо үстүндө өскөн түркүн түстөгү гүлдөрдүн баарынын эле аталышын биле бербейт экенбиз. Ошентсе да сүрөткө түшүрө берем.

Биздин ата-бабалар көптөгөн гүлдөргө ат коюп, анын сырын билип, дарычылыкка колдонушкан. Азыркы муун тоодо өскөн гүлдөрдүн аталышын онго да жеткире албайт экенбиз», - деди Кочкор айылынын тургуну Болот Асанбеков.

Маалымат боюнча кыргыз жергесинде 4100 татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөр бар. Алар 875 урууга, 14 тукумга бөлүнөт. Бул дүйнөлүк флоранын 2 пайызын камтыйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×