Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 01.02.2019 13:36 На русском

«Балыктан таттууларды жасашат»: Тоолук жигит — О.Салмоорбеков Түркияда акысыз билим алып жатат

Turmush -  23 жаштагы Орозобек Салмоорбеков Түркия өлкөсүндө 700 лира (болжол менен 29 миң сом) стипендия алып окуп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Орозобек Салмоорбеков 1996-жылы 25-январда Кочкор районунда төрөлгөн. Атасы дыйкан, апасы китепканачы. Ал мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетине тапшырып, түрк тилине даярдоо курсун окуган. 2015-жылы «Түркия стипендиялары» аттуу программа аркылуу Түркияда акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алган. Азыркы учурда Түркиянын Трабзон шаарындагы Кара деңиз техникалык университетинин түркология бөлүмүнүн 4-курсунда окуйт.

«8-класска чейин Кочкор районунун Карап Кыдыралиев атындагы №1 орто мектебинде билим алып, 9-класстан баштап Токтогул Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде окудум. 2015-жылы "Түркия стипендиялары" аттуу программа аркылуу Түркияда акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алдым. Азыркы учурда Түркиянын Трабзон шаарында Кара деңиз техникалык университетинин түркология бөлүмүнүн 4-курсунда окуп жатам. 700 лира (болжол менен 29 миң сом) стипендия алабыз. Акысыз мамлекеттик жатаканада жашап, акысыз медициналык тейлөөлөрдөн өтөбүз. Бул окуу жай эл аралык макамга ээ. 75 000 окуучусу бар. Чет өлкөлүк студенттери дагы бар», - деди ал.

Орозобек 4 жылдан бери кыш мезгилин көрө электигин кошумчалады.

«Трабзон тоолуу шаар, бир тарабында кара деңиз жайгашкан.Түркияга келгенде кыйналган жокпуз. Бир гана ушул шаарда жашаган эл диалекти менен сүйлөшөт экен. Ошол жактан башында бир аз кыйналдык. Шаар деңиздин жээгинде жайгашкандыгына байланыштуу аябай нымдуу, кышында жылуу. Кыш болбойт, мен келгени 4 жылдан бери кыш көрө элекпиз. Азыркы учурда университетте Кыргызстандан келген 20га жакын студент бар, алар ар тармакта билим алышууда», - деди ал.

Орозобек Салмоорбеков: «Бул жактын жашоочулары мени көбүнчө кытай, жапон же корей улутунан деп ойлошот. Ага маани да бербей калдык. "Корей улутунансыңбы?" дегендерге ооба деп койсоң, сүйүнүп келип сүрөткө түшүшөт. Нарындык болгондон кийин этти көп жейбиз да. Бул жакта эт кымбат болгондуктан жаңы келгенде эт жегим келип, аябай эңсегем. Трабзондуктар көбүнчө чөп-чар, төө буурчак, сууга бышкан күрүч жешет. Деңиз жээгинде болгондуктан балык арзан. Жада калса балыктан жасалган таттуулары дагы бар», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×